Жаңы мыйзам туристтердин агымын азайтты
Кыргызстандын кышкы туризм сезону үзгүлтүккө учуроодо. Бийлик өкүлдөрү берген убадага карабай, чет элдик жарандардын Кыргызстанда калуусун татаалдаштырган жаңы мыйзам жокко чыгарыла элек. Миңдеген туристтер Кыргызстанга баруу планынан баш тартышууда. Туризмди өнүктүрүүнүн келечеги барбы? Бул суроого жооп издеп, биздин кабарчылар Караколго аттанышкан.