Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:41

Фидел Кастро акыркы коммунист

Фидел Кастро
Фидел Кастро

Кубанын бүт дүйнөгө белгилүү лидери, бул мамлекетти дээрлик 50 жыл башкарган, көзү өткөнгө чейин ар дайым прессанын, дүйнөнүн көңүл борборунда турган Фидел Кастро 90 жашында дүйнөдөн өттү.

Фидел Кастро Кариб деңизинин ортосундагы кичинекей аралдын, Кубанын жетекчиси болсо да, анын ысымы, лидер катары аброю жана дүйнөлүк саясатка тийгизген таасири абдан зор эле. Аны ХХ кылымдагы социалисттик кыймылдын эң эле атактуу да, абройлуу да өкүлү десек эч бир аша чаппас элек. Ал эми Фиделдин, атактуу командантенин бүтүн Латын Америкасындагы аброю өзгөчө сөзгө жана баага татыйт го.

Кастронун, Кастро 50 жыл жетектеген Кубанын жолу менен кетебиз деп отуруп, эң кеминде онго жакын Түштүк Американын чоң-кичине мамлекеттери социалисттик эксперименттерди жасап көрүштү. Кара май менен газга бай Венесуэланы көп жылдар бою Фиделди ар дайым “ата” деп айткан Уго Чавес башкарды. Ошол эле жол менен Боливия, Никарагуа кетти. Ал эми бул региондогу бир нече мамлекеттерде революциячыл төңкөрүш, социалисттик багыт деген нерсе көп жолу кайталанды. Ал эми Фидел Кастронун Африкага, Азияга, ал гана эмес Европанын бир катар мамлекеттерине тийгизген маанилүү таасири тууралуу айтып отурбайлы.

Фидел Кастро чыныгы революционер адам эле. Жаш кезинен баштап революциялык кыймылга эрте аралашып, 50-жылдардагы легендарлуу революционер Эрнесто Че Гевара менен эрте таанышып достошуп, ал эми 1958-жылдын 31-декабрында Кубаны Батисто аттуу диктатордон бошоткон ушул Фидел Кастро.

“Гранма” деген чакан кеме менен Сьерра Маестра деген жерге келип токтоп, куралчан жан-жөкөрлөрүн ээрчиткен Кастро Монкада деген аскер казармасын баскан, андан соң Гаванага жетип, бүт Кубанын эки тизгин, бир чылбырын колуна алган. Алган соң ушул аралдын куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы болуп дайындалды. Кийин Кубанын премьер-министри, 1976-жылдан кийин президенти болуп иштеди. Ошентип жарым кылым Кубаны, “эркиндик аралчасы” деген атка конгон мамлекетти башкарды. Бийлигин 2008-жылы гана бир тууган иниси Раул Кастрого тапшырып берип, ошондон бери негизинен ден соолугу менен алек болуп, эл арасына чанда гана чыгаар эле.

Кастро: бийликке арналган өмүр
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:04 0:00

Эң акыркы эл арасына чыгып, чоң трибунадан сөз сүйлөгөнү -- ушул жылдын апрелинде болду окшойт. Ошондон кийин Фидел Кастро көрүнгөн жок. 100 жашка чыкканга аракет кылам деп кубалыктарга убадасын берсе да, кудай берген ажалдан эч ким качып кутулбайт экен, жума күнү 90дон 91ге караган курагында дүйнө салды.

Баса белгилей турган бир нерсе, Фидел Кастро жөн гана революционер эмес, жөн гана социалист эмес, чыныгы саясий лидер эле. Жаш кезинде лидер экенине карабай, кант тростниктерин (бул өсүмдүккө Куба аябагандай бай) орок менен оруп, балта менен кыркып, өзүнүн эмгек нормасын так аткарып турчу. Анын доорунда Куба чоң жетишкендиктерге ээ болду: бүтүндөй Түштүк Америкадагы эң жакшы медициналык система Кубада болду, эң жакшы эл агартуу системасы да Кубада болду. Азыр Куба ошол Латын Америкасындагы эң бир сабаттуу жана эң бир агарып-көгөргөн эл катары саналат. Азыркы учурда кубалык врачтар бүт дүйнөдө, анын ичинде Африка менен Азияда эмгек кылып жүрүшөт.

СССР-АКШ: 50 жыл мурда болбой калган согуш

СССР-АКШ: 50 жыл мурда болбой калган согуш

50 жыл илгери, 1962-жылдын октябрь айында дүйнөнү титиреткен СССР-АКШ арасындагы 13 күндүк атомдук тирешүүгө көптөгөн китептер жана фильмдер арналган. Бирок АКШ президенти Жон Кеннеди кризистин кесепетинен согуш чыгып кетсе, сүйлөчү сөздүн долбоору тарыхчылардын колуна кеч тийди.

Ырас, Фидел башкарган Кубада демократия деген нерседен эч нерсе калган жок. Кастро бул мамлекетти бир гана партиянын күчү менен башкарды, анын саясатына макул эместерди түрмөгө тыкты же кошуна Америкага эмиграцияга айдады. Ошого карабастан Кастронун доорундагы Куба нечен мамлекеттерге үлгү катары каралып келгенин моюнга алуу керек.

Фидел Кастро башкарган Кубанын эң негизги ийгилиги - дээрлик 70 жыл бою Америка Кошмо Штаттары тарабынан экономикалык курчоого алынып, эмбарго саясатына кириптер болсо да өз жолунан эч бир тайбаганы эле. Ооба, 1962-жылкы Кариб кризиси дүйнөнү атомдук кагылышууга алып келе жаздаганы, анын негизги себептеринин бири Фиделдин СССР менен жакындашуусу болгону азыр да эсте. Ошого карабастан Кастро СССР менен тил табышып, дүйнөнүн башка мамлекеттери менен жакын алакада болуп, Кубаны көз карандысыз мамлекет катары канаттууга кактырбай сактап келди. Кичинекей аралда жайгашкан чакан мамлекет болсо да Куба жакынкы кошунасы АКШ менен кадимкидей теңтайлашты. Ошол чыдамкайлыгы жана сабырдуулугу акыры үзүрүн берип, мындан эки жыл мурда Барак Обама эмбарго саясатын токтотуп, Куба менен экономикалык байланыштарды жандандыруу саясатын баштады. Бул кандай болгондо да Кубанын элинин каармандыгынын, чыдамкайлыгынын жыйынтыгы эле.

Фидел Кастронун өмүрү

Фидел Кастро Никита Хрущев менен. 1963-жыл
1/14 Фидел Кастро Никита Хрущев менен. 1963-жыл
Куба республикасын жарым кылымдан ашуун башкарган Фидел Кастро дүйнө салды.
Никита Хрущев менен Абхазияда. 1963
2/14 Никита Хрущев менен Абхазияда. 1963
Куба республикасын жарым кылымдан ашуун башкарган Фидел Кастро дүйнө салды.
Фидел Кастро жана Че Гавара.
3/14 Фидел Кастро жана Че Гавара.
Куба республикасын жарым кылымдан ашуун башкарган Фидел Кастро дүйнө салды.
Фидел Кастро Вашингтондо. 1959
4/14 Фидел Кастро Вашингтондо. 1959
Куба республикасын жарым кылымдан ашуун башкарган Фидел Кастро дүйнө салды.
1978-жыл, Куба. 
5/14 1978-жыл, Куба. 
Куба республикасын жарым кылымдан ашуун башкарган Фидел Кастро дүйнө салды.
Фидел Кастро бир тууганы Раул Кастро менен. 1979
6/14 Фидел Кастро бир тууганы Раул Кастро менен. 1979
Куба республикасын жарым кылымдан ашуун башкарган Фидел Кастро дүйнө салды.
Фидел Кастро менен Михаил Горбачев Кремлде жолушууда. 
7/14 Фидел Кастро менен Михаил Горбачев Кремлде жолушууда. 
Куба республикасын жарым кылымдан ашуун башкарган Фидел Кастро дүйнө салды.
Фидел Кастро
8/14 Фидел Кастро
Куба республикасын жарым кылымдан ашуун башкарган Фидел Кастро дүйнө салды.
Фидел Кастро Ирандын мурдагы лидери Махмуд Ахмадинежад. 2012
9/14 Фидел Кастро Ирандын мурдагы лидери Махмуд Ахмадинежад. 2012
Куба республикасын жарым кылымдан ашуун башкарган Фидел Кастро дүйнө салды.
Фидел Кастро, 2015-жыл
10/14 Фидел Кастро, 2015-жыл
Куба республикасын жарым кылымдан ашуун башкарган Фидел Кастро дүйнө салды.
Франциянын президенти Франсуа Олланд менен. 2015-жыл. 
11/14 Франциянын президенти Франсуа Олланд менен. 2015-жыл. 
Куба республикасын жарым кылымдан ашуун башкарган Фидел Кастро дүйнө салды.
Фидел Кастро жана Раул Кастро. 2016
12/14 Фидел Кастро жана Раул Кастро. 2016
Куба республикасын жарым кылымдан ашуун башкарган Фидел Кастро дүйнө салды.
Николас Мадуро менен жолугушуу. Венесуэла. 2016
13/14 Николас Мадуро менен жолугушуу. Венесуэла. 2016
Куба республикасын жарым кылымдан ашуун башкарган Фидел Кастро дүйнө салды.
Фидел Кастро менен Хасан Роухани. Иран. 2016
14/14 Фидел Кастро менен Хасан Роухани. Иран. 2016
Куба республикасын жарым кылымдан ашуун башкарган Фидел Кастро дүйнө салды.
Артка
Алдыга

Азыркы учурда Куба бир катар маанилүү реформаларды баштан кечирүүдө. Ал негизинен жеке менчикке уруксат берүү, социалдык тармактарды аз-аздан мамлекеттен ажыратуу менен байланыштуу. Азыр Гаванада АКШ элчилиги кайра ачылды. Башка батыш мамлекеттери да өз ара мамилелерди жөнгө салып, Куба менен алаканы кайра күчөтүү жолуна түштү.

Фидел Кастро ХХ кылымдын саясий легендаларынын бири экендигинде талаш жок. Ошону менен бирге анын саясий доктринасы баары бир ички өзгөрүүлөрдөн четтеп кете албады. Бүгүнкү Кубада кайра эле базар экономикасынын элементтери башталды. Фиделдин социалисттик эксперименти учурда маанилүү эволюцияны баштан кечирүүдө. Эгер Куба азыр кайсы жолду тандады десек, негизинен Кытайдын экономикалык үлгүсүн үйрөнүүдө десек болоор эле. Ошондой болсо да Кубаны 50 жыл башкарган, Кубаны Латын Америкасындагы эле эмес, дүйнөлүк масштабдагы маанилүү мамлекеттердин бирине айланткан Фидел Кастро Кубанын да, дүйнөлүк тарыхтын да маанилүү, ажырагыс бөлүгү болуп каларынан эч бир шектенүүгө болбойт.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Куржундар
XS
SM
MD
LG