Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Фидел Кастро дүйнө салды

Фидел Кастро
Фидел Кастро

Куба революциясынын лидери Фидел Кастро 90 жашында көз жумду. Анын өлгөнү тууралуу кабарды элге иниси Раул Кастро теледен угузду.

Фидел Кастро өлкөнү 50 жылдай башкарган.

“Куба революциясынын жол башчысы 25-ноябрда, 22:29да кайтыш болду” деп айтты Раул Кастро улуттук телеканалдан.

1953-жылы Кастро кубалык диктатор Фульхенсио Батистону тактан оодарууга катышып, бирок ал аракет ишке ашкан эмес. Натыйжада Кастро 15 жылга абакка кесилген. Бирок эки жылдан кийин мунапыска илинип, эркиндикке чыккан.

Фидел Кастро бийликке 1959-жылы, Эрнесто Че Гевара менен чогуу ишке ашырган партизандык согуштан кийин келген. Кастро өлкөнүн өкмөтүн, Раул Кубанын куралдуу күчтөрүн жетектеген.

Ага-ини Кубаны социалисттик өлкө деп жарыялап, Советтер союзу менен алака түзгөн.

1961-жылы АКШ Кастрону кетирүүгө аракет кылган. Бирок Кубага жиберилген десанттар Чочколор кысыгында жок кылынган. Америкалыктар буга жооп иретинде аралды экономикалык блокадага алган.

Фидел Кастронун өмүрү

Фидел Кастро Никита Хрущев менен. 1963-жыл
1/14 Фидел Кастро Никита Хрущев менен. 1963-жыл
Куба республикасын жарым кылымдан ашуун башкарган Фидел Кастро дүйнө салды.
Никита Хрущев менен Абхазияда. 1963
2/14 Никита Хрущев менен Абхазияда. 1963
Куба республикасын жарым кылымдан ашуун башкарган Фидел Кастро дүйнө салды.
Фидел Кастро жана Че Гавара.
3/14 Фидел Кастро жана Че Гавара.
Куба республикасын жарым кылымдан ашуун башкарган Фидел Кастро дүйнө салды.
Фидел Кастро Вашингтондо. 1959
4/14 Фидел Кастро Вашингтондо. 1959
Куба республикасын жарым кылымдан ашуун башкарган Фидел Кастро дүйнө салды.
1978-жыл, Куба. 
5/14 1978-жыл, Куба. 
Куба республикасын жарым кылымдан ашуун башкарган Фидел Кастро дүйнө салды.
Фидел Кастро бир тууганы Раул Кастро менен. 1979
6/14 Фидел Кастро бир тууганы Раул Кастро менен. 1979
Куба республикасын жарым кылымдан ашуун башкарган Фидел Кастро дүйнө салды.
Фидел Кастро менен Михаил Горбачев Кремлде жолушууда. 
7/14 Фидел Кастро менен Михаил Горбачев Кремлде жолушууда. 
Куба республикасын жарым кылымдан ашуун башкарган Фидел Кастро дүйнө салды.
Фидел Кастро
8/14 Фидел Кастро
Куба республикасын жарым кылымдан ашуун башкарган Фидел Кастро дүйнө салды.
Фидел Кастро Ирандын мурдагы лидери Махмуд Ахмадинежад. 2012
9/14 Фидел Кастро Ирандын мурдагы лидери Махмуд Ахмадинежад. 2012
Куба республикасын жарым кылымдан ашуун башкарган Фидел Кастро дүйнө салды.
Фидел Кастро, 2015-жыл
10/14 Фидел Кастро, 2015-жыл
Куба республикасын жарым кылымдан ашуун башкарган Фидел Кастро дүйнө салды.
Франциянын президенти Франсуа Олланд менен. 2015-жыл. 
11/14 Франциянын президенти Франсуа Олланд менен. 2015-жыл. 
Куба республикасын жарым кылымдан ашуун башкарган Фидел Кастро дүйнө салды.
Фидел Кастро жана Раул Кастро. 2016
12/14 Фидел Кастро жана Раул Кастро. 2016
Куба республикасын жарым кылымдан ашуун башкарган Фидел Кастро дүйнө салды.
Николас Мадуро менен жолугушуу. Венесуэла. 2016
13/14 Николас Мадуро менен жолугушуу. Венесуэла. 2016
Куба республикасын жарым кылымдан ашуун башкарган Фидел Кастро дүйнө салды.
Фидел Кастро менен Хасан Роухани. Иран. 2016
14/14 Фидел Кастро менен Хасан Роухани. Иран. 2016
Куба республикасын жарым кылымдан ашуун башкарган Фидел Кастро дүйнө салды.
Артка
Алдыга

1962-жылы “Кариб кризисинен” кийин Кубага дүйнөнүн көңүлү бурулган. Советтер союзу Кубага ядролук куралдарын жайгаштырса, АКШ аскер-деңиз блокадасын киргизген.

СССРдин кулашы менен Кубада оор экономикалык кырдаал жаралган. Он миңдеген жашоочулар өлкөнү таштап чыгып кеткен.

Батыш Кастронун режимин адам укугун бузганы үчүн бир нече жолу сынга алган. 2003-жылы 75 кубалык диссидент түрмөгө айдалган. Amnesty Internаtional уюмунун 2016-жылдагы бүтүмүнө таянсак, Кубада 50дөн ашык абийир туткуну абакта жатат. 8600 адам саясий негизде кармалган.

Фидел Кастро 2006-жылы ден соолугуна байланыштуу бийликти иниси Раулга өткөрүп берген. 2008-жылы президенттиктен, 2011-жылы Компартия жетекчилигинен баш тарткан.

Акыркы беш жылда Кастро мемуар жазуу менен алектенип, дүйнөдө болгон окуялар тууралуу сүйлөп келген.

Кастро: бийликке арналган өмүр
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:04 0:00

Куржундар
XS
SM
MD
LG