Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:14

Байсалов: Мени камоого буйрук берилген


Байсалов: Мени камоого буйрук берилген
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:19 0:00

Коомдук ишмер Эдил Байсалов бүгүн Бишкектеги маалымат жыйынында Кадыржан Батыровдун качышы боюнча кайра козголгон кылмыш иши боюнча пикирин билдирди. Президенттик аппарат бул боюнча үн ката элек. Ал эми УКМК коомдук ишмер Эдил Байсалов атайын кызмат үчүн эч кандай кызыгууну жаратпайт деп билдирди. УКМК Байсаловдун сөзүн "бай, бирок оорулуу кыял" катары мүнөздөдү. Ошондой эле эгер Эдил Байсалов Убактылуу өкмөттүн аппаратын жетектеп турган кезде кандайдыр бир иштеринен корксо, маалымат жыйын кургандын ордунда УКМКга келип, кылганын моюнга алса болорун айтты. - Өз эрки менен келүү кандайдыр бир жеңилдиктерди берет. УКМК өзүнө тагылган милдеттер менен алектенет жана Байсаловдун мындай албууттанган сөздөрүнө баа берүүгө убактыбыз деле жок, - деди атайын кызматтын маалымат катчысы Рахат Сулайманов. УКМК Эдил Байсалов суракка чакырылышы мүмкүнбү, жокпу тактаган жок. Ошол эле маалда Fergananews.com сайтында жарыяланган маалыматтарга комментарий берүүдөн баш тартты.

XS
SM
MD
LG