Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:30

Ак үй алдында "Азаттыкты" колдогон митинг өттү


Бүгүн Ак үй алдында "Азаттык" радиосун колдогон митинг өттү. Ага 10 чакты укук коргоочу, жарандык активист катышып, парламентте демилгеленип жаткан мыйзам долбооруна каршылык билдиришти.

Укук коргоочу Рита Карасартова:

- "Азаттык" кайсы президенттин доорунда болбосун, кыргыз тилинде тайманбай өзүнүн оюн билдирип келген. Мамлекеттик каналдар аркылуу чыга албаганда биз өз добушубузду "Азаттык" аркылуу билдиребиз. Элге маалымат жеткире турган каналды эмнеге чектешет? Орусияда даңазаланган бул мыйзамды биз эмне үчүн кабыл алабыз деп депутаттарга бүгүн кайрылуу жолдодук.

10-июнда Жогорку Кеңештин 4 депутаты "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрүп чыгышты. Бул мыйзам долбоору парламенттин жалпы жыйынына талкууга бүгүн коюлду.

Айрым серепчилердин пикиринде, эгер демилге колдоо тапса, "Азаттык" радиосу жабылышы ыктымал. (RK)

XS
SM
MD
LG