Анапа: активисттерге кол салуу болду
Орусия оппозициясынын лидери Алексей Навальный жана анын тарапкерлерине кол салуу болду. Саясатчы 30дай тарапкери менен Кара Деңиздин жээгиндеги Анапа шаарына келгенде жергиликтүү казактар ур-токмокко алышкан. Орус-казактар өз кезегинде мушташты биринчи Навальныйдын тарапкери баштаганын билдирүүдө.