Актөбөдөгү жер сатууга каршы митинг
Актөбөдө Туңгуч президент атындагы сейил бакта жүздөгөн адамдар Жер кодексиндеги өзгортүүлөргө каршы митинг өткөрдү. Казакстанда Жер кодексине былтыр киргизилген өзгөртүүгө ылайык, 1-июлдан тарта айыл чарба багытындагы жерлер узак мөөнөткө сатылары жана чет элдиктерге 25 жылга ижарага берилери айтылган. Буга каршы эл нааразылыгын билдирүүдө. Facebook социалдык тармагына жарыяланган видео.