"Нургазынын кыялы" эң мыкты тасма үчүн ат салышууда
“Азаттык” радиосунун кабарчысы Уланбек Эгизбаевдин Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Ак-Учук айылында жашаган тубаса майып Нургазы тууралуу фильми эл аралык Webby Awards сыйлыгынын "Дүйнөлүк мыкты видео" наамына көрсөтүлдү. Тасма беш мыктынын бири катары сынакта ат салышууда. Баш байгени жеңүү баарыбыздын колубузда. Ал үчүн ар бирибиз добуш берели. “Азаттыктын” фильми 13 миң эмгектин ичинен тандалып, эл аралык Webby Awards сыйлыгына көрсөтүлгөн. Төмөндөгү шилтеме менен кирип, добуш берсеңиздер болот: https://pv.webbyawards.com/2016/online-film-video/general-film/reality
Чыгарылыштар
-
Октябрь 20, 2025"Күн алыс жарык өчүүдө". Өкмөт кыш кыйын болорун эскерткен
-
Октябрь 12, 2025"Тарыхты бирөөлөрдөн уруксат сурабай жазышыбыз керек"
-
Октябрь 09, 2025Ак-Ордодогу кылмыш: Шектүү жаран эки айга камалды
-
Октябрь 08, 2025Мыйзамсыз курулуштарды бузуу убактылуу токтотулду
-
Октябрь 04, 2025Бишкекте митинг-пикеттерге тыюу узарды
-
Сентябрь 27, 2025Орусияга жүк ташыган айдоочулар нааразылыгын билдирип чыгышты