Бишкек шаарында ирандык аялдарга арналган фотосүрөт көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөгө коюлган 50дөн ашуун сүрөттөрдө айымдардын заманбап жетишкендиктери чагылдырылган. Бул маданий иш-чара Ирандагы Ислам революциясынын жеңишинин 37-жылдыгынын алкаганда өтүп жатат. Ал 23-февралга чейин уланат.
Иран айымдарынын ийгиликтери

1
Көргөзмөгө Иран айымдарынын заманбап жетишкендиктери аттуу фотокөргөзмөсү да камтылды.

2
Парване Мирафтабиян жасаган аялдын жыгач айкели.

3
Парваненин эмгектери Түркияда, Дубайда, Арменияда өткөн жыгачтан жасалган эмгектер сынактарында жеңишке жетишкен.

4
Көргөзмөнү Иран Ислам республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин Маданият борбору уюштурду.

5
Ирандык жана жергиликтүү сүрөтчү айымдар.

6
Сүрөт көргөзмөнүн ачылышында Иран элчилигинин өкүлдөрү тарабынан бүгүнкү күндө Иран айымдары саясатта, экономикада, илим жана билимде, медицинада, спортто, өзгөчө маданият менен искусстводо жигердүү иштеп жатканы белгиленди.

7
Көргөзмөгө Иран минатюриси Париса Рахмани менен жыгачтан ар кандай сөлөкөттөрдү жасаган Парване Саадат Мирафтабияндын эмгектери коюлду.

8
Заманбап Иран минатюриси Париса Рахмани -1971-жылы Тегеран шаарында төрөлгөн. Ал 1984-жылдан бери боёктор жана май, акварель боёктору менен эмгектенет.

9
Парване Саадат Мирафтабиян 1982-жылы Тегеранда төрөлгөн. Ал “Архитектура” тармагында “Дизайн жана интерьер” багыты боюнча бакалавр даражасын алган.

10
Парване Мирафтабиян 2000-жылдан баштап жыгачтан сөлөкөттөрдү жасоону үйрөнгөн. Анын 90дон ашык эмгеги көптөгөн ирандык жана эл аралык көргөзмөлөргө катышып, жогору баага татыктуу болгон.

11
Жергиликтүү кыл калем чеберлери көргөзмөгө коюлган Иран айымдарынын эмгектерине суктанганын айтышты. Адистер Ирандын заманбап сүрөт искусствосу мурдагыга караганда өнүгүп баратат деген ойдо.

12

13
Көргөзмөнүн негизинде Ирандын өнөрпоз айымдары Парване Мирафтабиян жана Париса Рахмани тарабынан кыргызстандык сүрөт күйөрмандары үчүн устаттык саат өткөрүлдү.

14
Парване Мирафтабиян, "Жыгачтан жасалган бала".

15
Парване Мирафтабиян жыгачтан сырткары живопись жана көркөмдөө, айнекке жазуу, зер буюмдарды жасоо тармактарында эмгектенет.

16
Көргөзмөдөгү айрым эмгектер сатыкка коюлган экен. Алардын баасы 100 доллардын жогору белгиленген.

17
Жыгачтан сомдолгон Иран айымдардынын спорттогу жетишкендиктери.