Ала-Бука: мыйзамсыз алтын казгандар
Район аймагындагы дарыянын жээгинде учурда 200гө чукул киши өз алдынча алтын казып, аны чайкоо менен алек болушууда. Алардын бири бир айдан бери жумушсуздук айынан алтын чайкоо менен алек болуп жатканын, күнүнө 300-500 сомдон табарын билдирди. Суу жээгинде кээ бир адамдар техникалар менен өз алдынча казып жатканын көрүүгө болот. Жер казынасы жөнүндө мыйзамдын 9-беренесине ылайык, аларды жергиликтүү бийлик көзөмөлгө алышы керек. Район аймагында лицензиянын негизинде жети компания кен казуу иштерин алып барат.
Чыгарылыштар
-
Август 13, 2025
"Эми кайда барып жашайбыз?" Кара-Суу районундагы "снос"
-
Август 07, 2025
Көк-Жар: Мыйзамсыз курулушту бузуп жатканда беш киши кармалды
-
Июль 31, 2025
"Келечек" базары: Мэр соодагерлер менен жолугушту
-
Июль 29, 2025
Ботаникалык бакта дарактар эмнеге куурап жатат?
-
Июль 09, 2025
Каргашалуу июль: "Өмүрүмдө мынчалык көп өлүм көрбөдүм"