Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:15

Кыргызстан Казакстанга газ үчүн карызын толук төлөдү


Кыргызстан Казакстандан алынган көгүлтүр от үчүн 41 миллион 700 миң доллар карызын төлөдү.

“Газпром-Кыргызстан” компаниясы кабарлагандай, тийиштүү акча “КазТрансГаз” ишканасынын банктагы эсебине которулду. Бересе 2004-жылдан бери топтолуп калган.

Кыргызстан Казакстандан өлкөнүн түндүк аймагына газ алат. Ал эми Ош облусу үчүн Өзбекстандан алынат. "Газпром-Кыргызстан" Ташкен менен аласа-береседе азырынча маселе жок экенин белгилейт. (SE)

XS
SM
MD
LG