Анда сегиз мамлекеттен чыккан, учурда атагы чыккан Theatre Ballet Du Capitol, Аалто балет, Дойч Опера, Анкара, Дрезден, Куба, Казакстан, Латвия жана Белгия Королдук балет театрларынын солисттери өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Концерттик программада дүйнөлүк классиканын шедеврлери жана этно-фолк-поп чыгармалар да камтылды.
Балет жылдыздары Бишкекте

1
Ордеп Родригез Чаккон – Куба Улуттук балети. Ал Франция жаштар балетинде, Германиянын Лайпцих, Дрезден, Майнц балеттеринде жана Дойч Операда иштеген.

2
Ордеп Родригез Чаккон.

3
Айви Амиста - Бавария Опера жана балет театрынын солисткасы. Эл аралык конкурстардын лауреаты.

4
Бавария Операнын солисткасы Айви Азени менен Аветик Карапетян “Корсар” балетинен па-де-де аткарышууда.

5
Азамат Аскаров – Казакстандагы Абай атындагы Мамлекеттик опера жана балет театрынын солисти. Эл аралык конкурстардын дипломанты.
Асель Аскарова - Казакстандагы Абай атындагы Мамлекеттик опера жана балет театрынын солисткасы. 2003-жылы Эл аралык “Фуэте Артека” конкурсунун дипломанты болгон. 2012-жылы Нью-Йорк балет артисттеринин конкурсунда III премиясынын лауреаты.
Асель Аскарова - Казакстандагы Абай атындагы Мамлекеттик опера жана балет театрынын солисткасы. 2003-жылы Эл аралык “Фуэте Артека” конкурсунун дипломанты болгон. 2012-жылы Нью-Йорк балет артисттеринин конкурсунда III премиясынын лауреаты.

6
Азамат жана Асель. “Two O’clock” балетинен үзүндү.

7
Иева Рацене – Латвия Улуттук балетинин солисткасы. Эл аралык конкурстардын лауреаты. Прима балеринанын Mi Paloma бийин модерн боёк берип аткарганы көпчүлүк көрүүчүлөрдүн колдоосуна арзыды.

8
Аветик Карапетян - Theatre Ballet Du Capitol театрынын солисти. Абройлуу Эл аралык конкурстардын бир канча жолку жеңүүчүсү.

9
Аветик Карапетян Жак Брелдин “Буржуасын” ойноп жатат.

10
Казакстандык жаш артисттер Азамат жана Асель.

11

12
Давид Варданян – учурда Бельгия Королдук балетинин солисти. Буга чейин Дрезден операда, Амстердамдагы Улуттук балетте иштеген. Варданян легендарлуу педагог П. Пестовдун окуучусу болот. Гала-концертте техникалык мүчүлүштүктөр көп болду. Айрыкча Варданян бийлеп жатканда бир канча жолу фонограмма өчүп калып жатты.

13
Иева Рацене куштун парисиндей калкып бийлеп жатат

14
Кадыр Окурер – Анкара мамлекеттик опера жана балет театрынын солисти менен Иева Рацене.