Ош: обон созуп, бийлеген окутуучулар
Сынактын байге фондуна 200 миң сом бөлүнгөн. Окутуучулар сынагы Ош улуттук драма театрында өтүүдө. Ош мамлекеттик университетинин тарбия департаментинин башчысы Замир Божоновдун «Азаттыкка» билдиришинче, окутуучулар билим гана бербестен студенттерге эс алуу да тартуулай ала турганын көрсөтүүдө. Сынакка 16 факультеттен 200дөй мугалим катышты. Сынакта «Окутуучулар бийи», «Декандар тамашасы», сүйүү ырлары боюнча «Кош жылдыз», «Декандар сахнада» сыяктуу шарттар боюнча окутуучулар өнөр тартуулашат. Бул иш-чара ОшМуда үч жылдан бери уюштурулуп келет.