Нургазы: Эми такыр мектептен калбайм
Кочкор районундагы Ак-Учук айылынын тургуну Жакшылык уулу Нургазынын апасы былтыр “Азаттыкка” жардам сурап кайрылган. Кабарчыбыз Нургазы менен жолукканда ал квадроцикл сатып алуу кыялын билдирген. Анткени ал өз алдынча баса албагандыктан 9-класска чейин иниси Дастан мектепке арабада сүйрөп барып, сүйрөп келчү. Эми майып окуучу ошол көксөгөн тилегине жетип отурат. Нургазыга “Элим, барсыңбы?” кайрымдуулук фонду демөөрчү таап, кыялындагы квадроциклди сатып берди. Нургазы быйыл сентябрдан бери мектепке бара албай жүргөн, эми квадроцикл менен өз алдынча бара алат.
Чыгарылыштар
-
Сентябрь 17, 2026Анар-Бак: "Жер деп жүрүп оорукчан болуп калдык"
-
Сентябрь 16, 2026"Мектепте жок китеп базарда турат"
-
Август 02, 2026"ВИЧтин азабынан күйөөм менен ажыраштым"