Көпчүлүктү батырган кошумча участкалар
Бишкектеги кошумча шайлоо участкаларында шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардын саны арбын. Аймактан келген кыргызстандыктар үчүн БШК борбор калаада кошумча 39 шайлоо участкасын ачкан. Ички мигранттарга 19-сентябрга чейин “форма 2” үлгүсүндөгү арызды толтуруп, участкалардын бирине катталууга тийиш.