Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:55

"Эгемен Кыргызстан" сотто БШКга утулду


Kyrgyzstan – Bektur Asanov, the governor of Jalal-Abad region, 21Jan2011
Kyrgyzstan – Bektur Asanov, the governor of Jalal-Abad region, 21Jan2011

“Эгемен Кыргызстан” партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын үстүнөн жазган арызын Бишкектин Биринчи май райондук соту канааттандырган жок.

Аталган партия шайлоого каттабай койгону үчүн сотко БШКнын үстүнөн арызданган. Буга партиянын шайлоо күрөөсүн толук төкпөгөнү себеп болгон. Эми партия жогорку инстанцияга кайрылганы жатат.

Биринчи май райондук соту 2-сентябрда “Эгемен Кыргызстан” партиясынын арызын карап чыгып, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин колдогон бүтүм чыгарды. Буга чейин шайлоого аттанган партиялар алдын ала төлөй турган 5 миллион сом күрөөнү белгиленген мөөнөт аралыгында толук төлөй албай калганы үчүн “Эгемен Кыргызстан” партиясын БШК каттабай койгон болчу. Партиянын лидери Кубанычбек Кадыров Биринчи май райондук сотунун соңку чечиминин артында бийликтин кызыкчылыгы бар экенин, оппозициялык партияны атайын шайлоого катыштырбай коюу аракети жүрүп жатканын белгилейт.

- Сот түшүнүп, баарын билип туруп эле БШКнын пайдасына чечип койду. Бул жерде мыйзам бузулду. Биз “Эгемен Кыргызстан” саясий партиясы БШКнын дагы, соттун дагы чечимин Ак үйдүн 7-кабатынын, Атамбаевдин буйругу деп билебиз.

Кубанычбек Кадыровдун айтымында, буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын айрым мүчөлөрү аларга аталган күрөнү 3-сентябрь күнү кечке чейин төлөө мүмкүндүгү бар экенин айтышкан.

Кубанычбек Кадыров
Кубанычбек Кадыров

- БШКнын мүчөсү Жеңиш Акматов “Эч таарынбагыла, 3-сентябрь күнү кечке чейин силерде акчаны төлөгөнгө убакыт бар” деп айткан. Бүгүн да сот чечим чыгарганы кирип кеткенде БШК мүчөсү Рашид Бекбасаров “Силердин эртең кечке чейин убактыңар бар. Сот силердин пайдаңарга чечет болуш керек, мыйзамда ошондой” деген. Бирок сот болбой эле Ак үйдүн пайдасына чечип койду. Бул эми таң калыштуу нерсе, нонсенс.

Борбордук шайлоо комиссиясы жогорку бийликтин таасири туурасындагы партиянын дооматын четке кагууда. Ал маселе мыйзам чегинде төлөнө турган күрөөнүн айланасында гана болуп жатканын, эгер партия өз учурунда аны төлөп койсо, эч кандай маселе жаралмак эместигин билдирүүдө. БШКнын мүчөсү Рашид Бекбасаров партия кечиккен күндө дагы күрөнү төлөп койсо, БШК үчүн маселени карап чыгуу мүмкүнчүлүгү түзүлмөк деген ойдо:

- Мен антип айткан жокмун. Мен болгону төртүнө чейин төлөгөнгө укугубуз бар деп эсептеп жатсаңар, анда төртүнө чейин төгүп коюп, анан бул жерге келип, “мынакей биз төгүп койдук, эсептегиле” деп андан кийин сүйлөшпөйсүңөрбү деп айткам. Күрөөнү төгүп коюп келсе, биз карайт элек да. Ал чечим кандай болот ал башка сөз. 5 миллионду төлөп койдук дешсе, карайт элек. Анан төлөбөй эле жөн эле айтып жатышат.

Рашид Бекбасаров
Рашид Бекбасаров

Кубанычбек Кадыров партия үчүн мындай суммадагы акчаны чогултуп, өз убагында тапшыруу оңойго турбаганын моюнга алып, бирок ушул тапта керектүү акча топтолгонун билдирүүдө. Ал партия шайлоого катышуу укугун коргоо үчүн Жогорку Сотко чейин кайрыларын, эгер ал жактан оң жыйынтык чыкпаса, нааразылык акцияларын баштай тургандыктарын кошумчалады.

- Акчаны биздин талапкерлердин баары эми чогултту да. Эми биздин арабызда олигархтар жок экен. Мурун министр болуп иштеп, мамлекеттин эсебинен байыгандар жок экен. Арабызда жети илимдин кандидаты бар болчу. Анан баары чогултуп, калган акчаны топтоп койдук. Каражатты чогултууга убагында жетишпей калдык, эми эч кимибиз мамлекеттен уурдабасак...

Саясий серепчи Кубан Абдымен “Эгемен Кыргызстан” партиясынын айланасындагы жагдай анын каржылык кемчилигин, шайлоого даяр эместигин көрсөтүп койду деген пикирде. Ал кошумчалагандай, бул партиядан да күчтүү, бийликке кыр көрсөтө алган башка партиялардын шайлоого катышуу укугуна ээ болушу - эреже бардыгына бирдей болгондугун далилдеп турат.

- Эгерде бийлик шайлоого катыштырбайм десе, анда андан да күчтүү болгон “Ата Мекен” партиясын кое бербей коймок да. Азыр бийликке кыр көрсөтүп жаткан “Бир бол” партиясы, “Азаттык” партиясы да барбай калмак. Эмне жалгыз эле “Эгемен Кыргызстан” оппозициячыл партия болуп калыптырбы? Бир топ эле оппозициячыл маанайдагы партиялар шайлоого катышканга укук алышты. Алар эреже, тартип, талаптын бардыгын аткарганы үчүн катталышты.

Мыйзам боюнча, шайлоого аттанган партиялар алдын ала 5 миллион сом күрөөнү 25-августка чейин БШКга тапшырыш керек эле. “Эгемен Кыргызстан” партиясы күрөөнүн 700 миң сомун гана төлөп, калганын дагы он күн аралыгында төлөп бермей болгон. Бирок БШК буга макул болгон эмес.

Оппозициялык көз караштагы “Эгемен Кыргызстан” партиясынын башында Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров сыяктуу саясатчылар бар. Алар шайлоого “КСДПсыз парламент!”, “Атамбаевсиз Кыргызстан!” деген радикал ураандар менен баратканын айтышкан болчу.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG