Шаар бийлиги күч кызматтардын көмөгү менен эски автобекетке кирүүчү жолдорду тосту. Кошуна облус, район жана шаарларга каттамдардын баары шаардын түштүк тарабында жайгашкан жаңы автобекетке көчүрүлдү. "Азаттык" алдыңкы күндөрү облус борборлорундагы автобекеттердин фотобаяндарын чыгарат.
Байыркы шаардын эски жана жаңы бекети

1
Ош автобекети 1995-жылы курулган.

2
Айдоочулар жаңы бекетте кардар жок экенин айтып, нааразы болуп жатышат.

3
Жаңы автобекет курулгандан бери жалчып иштей элек. Мурда имараттын бир бөлүгү Ош шаардык МАИсине берилген болчу. ал да 2010-жылы Ош коогалаңында өрттөнүп кеткен бойдон иштебей турган. Бул андан берки биринчи ремонт.

4
Жаңы автобекет 2010-жылдагы июнь окуясы учурунда өрттөнүп кеткен. Андан бери толук калыбына келтириле элек.

5
Жаңы автобекет ишке берилгени менен коогалаңда бузулган имарат толук оңдоодон өткөн эмес

6
Ош шаардык бийлиги Оштогу жүргүнчүлөрдү ташуучу бардык каттамдарды бир жерге топтогонго аракет кылышууда.

7

8
Көптөн бери каралбай калган бекетти чөп басып кеткен эле.

9

10
Азырынча мындагы ашкана, дүкөндөр иштей элек.

11

12
Ош шаардык бийлигинин мындан мурда унааларды жаңы автобекетке эки жолу көчүрүү аракетинен майнап чыккан эмес эле.

13
Эски автобекеттеги жалгыз жабык жер ушул

14
Ал эми буга чейин иштеп турган эски автобекет шаардын чок ортосунда жайгашып, айланасында дайыма унаа тыгыны пайда болчу.

15
Эски автобекет жеке менчикке өткөндөн кийин буюмдарды сактоочу кампа болуп калган.

16
Эски автобекеттин короосундагы ашканалар бүгүн бош.

17

18
Эски автобекет кошуна облус, шаар жана райондор аралык каттамдарды тейлеп келген

19
Борбордук базарга жакын болгондуктан эски бекеттин айланасы да базарга айланып кеткен.

20
Эски автобекеттин ичинде бир адам баса ала турган гана жол калган. Калган бош жерлери соода жайына айланган.