Табыпчылык, бүбү-бакшычылык бейтаптарды эмнеси менен өзүнө тартат “Азаттыктын” апта темасында ушул суроого жооп издеп көрдүк.
Жалал-Абадда илдетке огожо издеп, бүбү-бакшыларга, табыптарга, молдолорго, көзү ачыктарга кайрылгандар көп учурайт. Кабарчыбыз Руслан Калматов да кезеги көп ошондой бүбү-бакшынын кабылдамасына барды.
Нарын районундагы Эмгекчил айылында 80 жаштагы Султек Көбөков он жылдан бери кадимки уй кымызга ак кодол баштаган чөптөр менен чөп тамырларын кошуп, дары суусундугун жасайт. Кызыгы - илдеттин баарына даба деп эсептелген бул суусундукка Султек табыптын айылдаштары анча ишене беришпейт. Толугураак Мирлан Кадыровдун баянында.
Бейтаптардан элдик дарыгерлерге эң көп кайрылгандар – булар рак илдетине чалдыккандар. Бирок буга чейин онкологиялык илдеттен табыптын жардамы менен айыгып кеткен далилди саламаттык сакчылары көрсөтө элек.
Тескерисинче, бейтапты дарылоо процессине табыптардын кесепети көп тийип жаткандыгын онколог-дарыгерлер айтып келатышат. Кабарчыбыз Айгерим Акылбекова Бишкектеги онкологиялык борборго барып, бейтаптар менен дарыгерлерди кепке тартты.
Заманбап, салттуу медицина менен элдик медицина бири-бирин жериген маанай бар экенин Оштогу кабарчыбыз Ыдырыс Исаков сурамжылоо жүргүзгөндө байкаган. Кабарчыбыздын айтымына караганда, карапайым эл ичинде табыпчылыктын, эмчи-домчулуктун да, салттуу медицинанын да адамдын саламаттыгына пайда келтире турган өзгөчөлүктөрү бар деп эсептешет.
Тигил же бул илдетке чалдыккан адам эмне үчүн медициналык, диагностикалык кароодон өтүп, анын негизинде дарыланууга караганда элдик дарыгерлерге барууга көбүрөөк ынтызар? Мындай суроо менен “Азаттык” медицина илимдеринин кандидаты Венера Кемеловага кайрылды. Психолог-дарыгер менен кабарчыбыз Зайырбек Ажыматов маектешти.
-
Руслан Калматов
"Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.
-
Мирлан Кадыров
"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган. -
Айгерим Акылбекова
"Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган.
-
Ыдырыс Исаков
«Азаттыктын» Оштогу кабарчысы. 2008-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
-
Зайырбек Ажыматов
"Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан.