Үркүн: мемориалдын жерин кайтаргыла
Бишкекте 1916-жылдагы Үркүндүн курмандыктарынын элесине арнап тарыхый эстелик орнотуу үчүн бөлүнгөн жерге мемориал тургузуу талабын койгон жарандык акция өттү. Кечээ кечинде шаардын "Түштүк дарбазасында" 100гө жакын адам чогулуп, 1916-жылды символдоштуруп туура 7ден 16 мүнөт өткөндө кол кармашып 16 мүнөт турушту. Муну менен алар бийликтин көңүлүн бурууга аракет кылганын айтышты. 1993-жылы өкмөт "Ашар" кыймылына "Орто-Сай" бакчасында мемориалдык комплекс ачуу үчүн 2,5 гектар жер бөлүп берген. Бирок ошондон бери иш дээрлик жылбай турат. Болгону бир эстелик таш орнотулуп, анын тегерегине түрдүү кафе-ресторандар ачылган.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 23, 2024
АКШ бир жылда 500дөн ашуун өзбек жаранын чыгарды
-
Декабрь 23, 2024
Бишкек: Тергөө абагында кармалгандар сабалганбы?
-
Декабрь 21, 2024
Орус армиясы Киевди ракета менен аткылады
-
Декабрь 20, 2024
Путин фронттогу абал тууралуу айтты
-
Декабрь 19, 2024
Москва: Өзбек жараны генералды өлтүрүүгө шектелип кармалды