Сузактын Кыржол айылында 24-майга караган түнү көчкү жүрүп, кыр боорундагы беш үйдү жана айылдык эмкананы басып калды.
Сузак: жер көчкү алты адамдын өмүрүн алды

1
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымдашынча, 23-майдан 24-майга оогон түнү саат 01:49 чамасында Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын Кыр-Жол айылында жер көчкү жүрүп, 5 үйдү басып калган.

2
Натыйжада алты адам каза таап, айылдын беш тургуну ооруканага жаткырылды. Набыт кеткендердин баарынын сөөгү бүгүн эле жерге берилди. Азыр аймакта тазалоо жумуштары жүрүп жатат.

3

4
Кырсык болгон айылда Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жана орун басары Равшан Рысбаев баштаган куткаруучулар иштеп жатат. Куткаруу иштерин министрликтин Жалал-Абад облусундагы адистери жана райондук бийлик түзгөн ыкчам топ айыл тургундары менен бирге улантууда. Ошондой эле Оштон дагы 20 куткаруучу барып, жардам берүүдө.

5

6

7

8

9

10

11