Талас районунун Козучак айылынан бир туугандар - Жакыпбек менен Калыбек Асранкулов Экинчи Дүйнөлүк согушка аттанып, бирок кайтышкан эмес. Алар каерде, кандай шартта өлгөнү да бүгүнкү күнгө чейин так белгисиз. Жети бир туугандын кичүүсү, учурда 75 жашка чыккан Сейдимкан Асранкулова майдандан кайтпай калган бир тууган эки агасы тууралуу маалыматтарды, алардын өлгөн жерин издеп жүрөт. Ал «Азаттыкка» маек куруп, согуш жылдарындагы элдин башына түшкөн апаат, оорчулуктарды эскерип, жаштарга насаатын айтты.
70 жылдан бери агаларын издеген Сейдимкан апа
1/9
Калыбек Асранкуловду (биринчи катарда солдо) майданга узатаар алдында түшкөн сүрөт. Калыбек Асранкулов согуштан кайткан эмес, өлгөн жери да так белгисиз.
Толук көрсөт
Кыскарт
2/9
Солдо экинчи катарда: Сейдимкан Асранкулованын 1929-жылы туулуп, тылда иштеген агасы Исабек Асранкулов жана анын жанында апасы Калый. Сүрөттөгү башка адамдар да Асранкуловдордун жакын туугандары болушкан. 40-жылдардын ортосундагы сүрөт.
Толук көрсөт
Кыскарт
3/9
Согушка кетип кайтпай калган Жакыпбек Асранкуловдун байбичеси Сайракан (оңдо).
Толук көрсөт
Кыскарт
4/9
Жети баланы тарбиялап өстүргөн Калый Ниязалиева. Ал майданга кеткен эки уулу Жакыпбек менен Калыбекти күтүп жүрүп, согуштан кийинки жылдары каза болуп калган. Бул Асранкуловдордун үй-бүлөсү үчүн чоң жоготуу болгон. Анткени жолдошу согушка чейин эле өлгөн экен. Ошентип жетим калган балдарды чоң энеси багып чоңойткон.
Толук көрсөт
Кыскарт
5/9
Исабек Асранкулов (солдо) согуш жылдары оорукта иштеген. Азыр Бишкек шаарында жашайт. 1929-жылы туулган.
Толук көрсөт
Кыскарт
6/9
Согуштан кайтпай калган Жакыпбек Асранкуловдун 1941-жылы туулган баласы Кенешбек Жакыпбеков. Ал согушка катышкан эмес.
Толук көрсөт
Кыскарт
7/9
Сейдимкан Асранкуловдун жолдошу (ортодо) Терекбай Сатыбалдиев (1929-жылы туулган). Согуш жылдары Таластын Кеңарал колхозунда оорукта эмгектенген.
Толук көрсөт
Кыскарт
Артка
Алдыга
-
Заирбек Бактыбаев
"Азаттык" үналгысынын мурдагы редактору, журналист.