Куну чечилбеген Кумтөр... (3)
Кыргыз өкмөт башчысынын акыркы сунушу Кумтөр маселесин мурдагыдан да чиелеништирип, кынтыксыз чечим кабыл алуу саясий элитанын баш оорусуна айланды. Коалициялык көпчүлүк бул аптада Кумтөрдү кайрадан талкуулай турган болууда. Өкмөт башчынын ишкананы улутташтыруудан да, биргелешкен ишкана түзүүдөн да баш тартып, директорлор кеңешин алмаштыруу аркылуу Центерранын 51 пайыз акциясына ээлик кылуу демилгесинин майнабы кандай болот? "Азаттыктын" “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсүнүн бул чыгарылышында ушул жана башка суроого жооп изделди. Талкууга - “Кыргызалтын” ишканасынын мурдагы жетекчиси Токон Мамытов, “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчисинин милдетин аткаруучу – Кылычбек Шакиров жана экс-юстиция министри – Алмамбет Шыкмаматов катышты.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 23, 2022Беларус жыгачын Европага саткан кыргыз компаниялар
-
Декабрь 13, 2021Чаткал: чачылган чачыранды алтын
-
Ноябрь 19, 2021Чаткал: алтындан ырбаган чыр-чатактар
-
Февраль 09, 2021Зулушев: Акча төлөп, үй камакка чыккандар жазасыз калбайт