Фронттогу жоокерлерди азык-түлүк менен, өнөр жайды чийки зат менен камсыз кылууда ооруктун эмгекчилери зор эмгектерди жасашкан. "Азаттык" Кыргызстандын борбордук мамлекеттик архивинин кинофотофонодокументтер бөлүмүндө сакталган 1941-1945-жылдардагы ооруктун эмгекчилеринин сүрөттөрүн сунуштайт.
Биздин тарых
Ооруктун эмгекчилери көтөргөн жүк
Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон.

1
Абадан жана химияга каршы коргонуу боюнча колхоз инструкторлору. Алдыңкы катарда комсомолка Күлбара Айдарбаева. Калинин району, Фрунзе облусу. 1941-ж. (Сүрөт Кыргызстандын Борбордук мамлекеттик архивинин кинофотофонодокументтер бөлүмүнөн алынды).

2
Кант районунун “Боз бармак” колхозунун сокочусу А.Тыналиев 1.5 норманы аткарууда. Фрунзе облусу. 1943-ж.

3
Каганович районунун “Эмгек” (Труд) колхозунда жазгы кылкандуу дан эгиндерин себүү учуру.
Фрунзе облусу. Сүрөттүн автору: А.Ревякин. 1941-ж.
Фрунзе облусу. Сүрөттүн автору: А.Ревякин. 1941-ж.

4
Үлгүлүү паравозчулар Рыспаевдердин үй-бүлөсү Пишкек депосунда өздөрүнө таандык паравоздун жанында. Пишпек станциясы. 1943-ж.

5
Көк-Жаңгак көмүр кесиминин комсомол-жаштарынын аялдар бригадасынын алдыңкы эмгекчилери. Таш көмүрдү уратып түшүрүүчү жана конвейерге жүктөп туруучу жумушчу П. Атибаева, ат айдагычтар П. Карабаева жана А.Калиева жумуш башталар алдында.
Көк-Жаңгак шаары. 1943-жыл.
Көк-Жаңгак шаары. 1943-жыл.

6
Жаш шахтачылар жумуштан кайткан учур. Көк-Жаңгак шаары. Сүрөттүн автору: К.Вильчинская. 1945-ж.

7
Чоң Чүй каналынын куруучулары менен кызылфлотчунун жолугушу.
Сүрөттүн автору: С.Харченко. 1941-жыл.
Сүрөттүн автору: С.Харченко. 1941-жыл.

8
Декабрь айы үчүн нанга кагаз. Бир күндүк рацион 125 граммды түзгөн. Москва шаары. 1941-жыл.

9
Токмоктогу механизация мектебинде сабак учуру. Алдыңкы катарда отличник, комсомол Койчуманова иш үстүндө.
Токмок шаары. Сүрөттүн автору: К.Вильчинская. 1943-жыл.
Токмок шаары. Сүрөттүн автору: К.Вильчинская. 1943-жыл.

10
Кант районунун Фрунзе колхозунда күрүчтү жыйноо учуру.
Фрунзе облусу. Сүрөттүн автору: К.Вильчинская. 1943-жыл.
Фрунзе облусу. Сүрөттүн автору: К.Вильчинская. 1943-жыл.

11
Советтер Союзунун Баатыры, Гвардиянын генерал-майору И.В.Панфиловдун аялы М.Панфиловага жазган каты. 1-ноябрь, 1941-жыл.

12
Панфилов районунун “Тельман” колхозунда комбайн күздүк буудайларды чабууда.
Фрунзе облусу. Сүрөттүн автору: В.Блюмен. 1943-жыл.
Фрунзе облусу. Сүрөттүн автору: В.Блюмен. 1943-жыл.

13
“Кызыл Кыргызстан” гезитинин сүрөт көчүрмөсү. “8-гвардиялык дивизияга белек жиберилди”. 15- апрель, 1942-жыл.

14
Осоавиахим атындагы тигүү фабрикасынын алдыңкы кызматкери А. Айткулова фронттогулар үчүн ич кийимдерди тигүү боюнча норманы 180% аткарган. Фрунзе шаары. 1942-жыл. Сүрөттүн автору: Вильчинская.

15
“Кызыл Кыргызстан” гезитинин 1944-жылдын 1-майындагы чыгарылышынан сүрөт көчүрмө. “Баатыр Кызыл Армиябызды, шаңдуу кызыл фронтубузду колдоого бардык күчүбүздү жумшайлы”. 1944-жыл.

16
Эмгекчилер согуш учурунда чыгарылган баалуу кагазга кол коюуда.
Фрунзе шаары. Сүрөттүн автору: В.Блюмен. 1941-ж.
Фрунзе шаары. Сүрөттүн автору: В.Блюмен. 1941-ж.

17
Пушкин атындагы №5 кыргыз мектебинде 5-класстын окуучуларына география сабагы. Мугалим Ханифа Чикаева. Фрунзе шаары. Сүрөттүн автору: В. Блюмен. 1943-жыл.

18
Алдыңкы эмгекчи Ф.И.Буралкиева Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизияга белектерди иреттөөдө. Фрунзе шаары. Сүрөттүн автору: В.Блюмен. 1943-жыл.

19
Чүй районунун М.Молотов атындагы айыл чарба артелинин колхозчулары кызыл армиянын фондуна берүү үчүн даярдоо пунктуна нан ташып бара жатышат. Чүй району. 1942-жыл.

20
Чүй районунун К.Маркс колхозунун талаачылык бригадасындагы күжүрмөн баракча. Баракчанын жанында агитатор Кыдыралиева. Фрунзе облусу. 1943-ж.