Фронттогу жоокерлерди азык-түлүк менен, өнөр жайды чийки зат менен камсыз кылууда ооруктун эмгекчилери зор эмгектерди жасашкан. "Азаттык" Кыргызстандын борбордук мамлекеттик архивинин кинофотофонодокументтер бөлүмүндө сакталган 1941-1945-жылдардагы ооруктун эмгекчилеринин сүрөттөрүн сунуштайт.
Биздин тарых
Ооруктун эмгекчилери көтөргөн жүк
Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон.

21
Түп районунун “Сухой Хребет” (“Маяк” совхозу) совхозунун орто мектебинин окуучулары ат соко менен совхоз талаасында. Ысык-Көл облусу. 1942-ж. (Сүрөт Кыргызстандын Борбордук Мамлекеттик Архивинин кинофотофонодокументтер бөлүмүнөн алынды).

22
Таш-Булак колхозунун төөчөн кызыл кербени кабыл алуу пунктуна бара жатат. 1942-ж. Жалал-Абад облусу. (Сүрөт Кыргызстандын Борбордук Мамлекеттик Архивинин кинофотофонодокументтер бөлүмүнөн алынды).

23
“Октябрь” колхозунун башкармасы М.Ахмедов колхозчуларга Советтик информбюронун маалыматын окууда. 1941-ж. (Сүрөт Кыргызстандын Борбордук Мамлекеттик Архивинин кинофотофонодокументтер бөлүмүнөн алынды).

24
Кант районунун Васильевский совхозунун жумушчулары бошотулган аймактарга жардамга бөлүнгөн дан эгиндерди жеткирүүдө. 1943-ж. Фрунзе облусу. (Сүрөт Кыргызстандын Борбордук Мамлекеттик Архивинин кинофотофонодокументтер бөлүмүнөн алынды).