Бишкекте сумо боюнча алгачкы чемпионат аяктады. Таймаштар өспүрүм балдар, эркектер (чоңдор) жана аялдар арасында өткөрүлүп, чемпиондук наам үчүн 170ке жакын спортчу күч сынашты. Чемпионаттын жүрүшүн Жапониядан келген сумо чеберлери жана сумо калыстары көзөмөлдөштү.
Бишкекте сумо чемпионаты аяктады

21

22

23
Сумо күрөшү Кыргызстанда 1995-жылдан баштап тарала баштаган. Ал кезде Улуттук Олимпиада Комитетинин президенти болгон Эшим Кутманалиев эркин күрөш машыктыруучусу Эсенгул Чекиров менен биргеликте Кыргызстанда күрөштүн түрлөрү менен машыккан спортчуларга сумонун эрежелерин үйрөтүп, ошол жылы оор салмактагы балбандарды алгачкы жолу Жапонияда өткөн сумо боюнча дүйнө чемпиондугуна катыштырышкан.

24

25
Кыргызстанда Сумо ассоциациясы Кыргызстанда бир жыл мурда түзүлгөн. Учурда саналуу гана спорттук клубдарда күрөштүн ар кандай түрлөрү боюнча машыккан балбандарга машыктыруучулар сумону үйрөтүп келишет.