Бакыт Абдыкапаров үй камагында калды
Мындай чечимди Биринчи май райондук соту азыр эле чыгарды. Бакыт Абдыкапаровго жаңы тагылган айыптын негизинде анын баш коргоо чарасын кароо тууралуу өтүнүч Башкы прокуратура тарабынан берилген болчу. Экс-баш прокурор Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго УКМКнын тергөө башкармалыгы 11-мартта Кылмыш кодексинин 30-305-беренеси боюнча “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген жаңы айып такты.