Коррупцияга каршы күрөш саясий сооданын куралыбы? (1)
Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековдун адвокаты Социалдык фондго байланыштуу козголгон кылмыш иши эскирип, мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу кыскартылышы керектигин билдирип, сотко өтүнүч келтиришти. Аны сот бүгүн, 10-мартта караганы жатат. Келдибековдун чет өлкөдөн кайтып келиши, үй камагында калышы жана анын ишин кыскартуу маселесинин көтөрүлүшү коомчулукта ар түрдүү талкууларга жем таштады. Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштүн нугу кайда бара жатат, ал саясий соодалашуунун куралына айланып бараткан жокпу? “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасынын бул жолку чыгарылышында ушул жана башка суроолорго жооп издедик. Талкууга - Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековдун коомдук жактоочусу Мамбетжунус Абылов жана коомдук ишмер Жыпар Жекшеев катышты.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 23, 2022
Беларус жыгачын Европага саткан кыргыз компаниялар
-
Декабрь 13, 2021
Чаткал: чачылган чачыранды алтын
-
Ноябрь 19, 2021
Чаткал: алтындан ырбаган чыр-чатактар
-
Февраль 09, 2021
Зулушев: Акча төлөп, үй камакка чыккандар жазасыз калбайт