Улуттук валюта сомго доллардын басымы күчөп, Улуттук банк тынымсыз интервенция жасоо менен гана курстун кескин төмөндөп кетпешине жетишүүдө. 2014-жылы жүргүзүлгөн интервенциянын айынан 2.5 млрд. долларга жакын Улуттук банктын резерви кыскарып, учурда 1.9 млрд. доллар калганы айтылган.
Быйылкы жылдын январь айында Улуттук банк 60 млн. доллардын тегерегинде интервенция жасады. Февраль айынын башында сом дагы күчүн жогото баштап, Улуттук банк 3-февралда 12 млн. долларга жакын интервенция жасады. Азыркы кезде бир доллар акча алмаштыруу жайларында 61 сомдон ашыкка бааланууда.
Улуттук банктын резервинин кыскаруусу, доллардын тынымсыз өсүүсү аны ооздуктоого кандайдыр бир чараларды издөөгө мажбур кылууда.
КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков доллардын басымын азайтуу үчүн алтынды жүгүртүүгө киргизүүнү сунуштап, ал үчүн атайын мыйзам долбоорун даярдап, талкууга алып чыкты.
Чыныбай Турсунбеков мыйзам долбоордун кантип ишке ашырылары тууралуу буларды билдирди:
- Доллар, евронун бүгүнкү күндө биздин өлкөнүн, Орусиянын жашоосуна тийгизип жаткан таасирин көрүп жатабыз. Аларга кайсы бир деңгээлде альтернатива табыш керек. Анын бири алтын-күмүш. Жогорку сапаттагы алтын монета түрүндө чыгарылып, ал коммерциялык банктарда жүгүртүлүп, ички эсептешүүлөргө, Улуттук банктын резервин кармаганга пайдаланылат. Айтор, бир сөз менен айтканда валюта, акча сыяктуу эле роль ойногонго мүмкүнчүлүк берет.
Чыныбай Турсунбековдун айтымында, калк да алтын-күмүш тыйындарды сатып алып, аларды банктарга депозитке салганга мүмкүнчүлүк алат. Ошондой эле келечекте үй-мүлк сыяктуу ири сатып алууларды да алтын менен баалоого жол ачылат.
Чыныбай Турсунбеков тарабынан даярдалган мыйзам долбоору азырынча комитеттин кароосуна коюла элек. Ал долбоор катары сунушталып, алдын ала талкуудан өтүүдө.
Кыргызстандын Улуттук банкынын мурунку башчысы Улан Сарбанов андай нерсе тарыхта болгонун айтуу менен чектелди.
Ал эми экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев алтынды акча катары айлантууга киргизүү мүмкүн эмес дейт:
- Алтынды айлантууга киргизебиз деген бул популизм. Эч качан эч ким ага барбайт. Алтынды айлантууга киргизсек, ошончо көлөмдө алтын болуш керек. Андай алтын Кыргызстанда жок. Ошон үчүн мындай идеяны сунуш катары кабыл алыш керек. Аны практикалык ишке ашырууга болбойт. Эгер мүмкүн болгондо көптөгөн күчтүү мамлекеттер мына ошондой жасап алмак.
Жумакадыр Акенеевдин айтымында, Улуттук банк коллекциялык монеталарды чыгарып жана сатып келет. Мына ушундай аракеттер аркылуу накталай сомдун көлөмүн азайтууга, демек инфляцияны ооздуктоого салым кошсо болот.
Буга чейин экономист Кубан Чороев “алтын сомду” киргизүү демилгесин көтөргөн. “Алтын сомду” киргизүү менен республика акчанын күчү кетүү, инфляция, финансылык туруксуздук сыяктуу илдеттерден арылат деп белгилеген.
Бирок алтынды жүгүртүүгө киргизүүгө бир дагы мамлекет даабай турат. Чалкеш заманда өнүккөн ири мамлекеттер да, башкалары да резервинде алтындын көлөмүн көбөйтүүгө умтулуп жатканы маалым. Маселен, Орусия өткөн жылдан бери активдүү түрдө алтын сатып алып, анын көлөмүн 1 миң 200 тоннага жакындаткан. Алтындын көлөмү боюнча дүйнөдө Кошмо Штаттар биринчи орунда турганы маалым. АКШнын алтын кору 8 миң тоннадан ашык экени маалымат каражаттарында жарыяланган.