Өспүрүмдөр арасында дзюдо боюнча “Хан Манас” кубогу үчүн эл аралык мелдеш 24-декабрда Бишкекте жыйынтыкталды. Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Иран, Орусия жана Ооганстандан 17 жаштан 19 жашка чейинки курактагы 200дөн ашуун улан кыздар катышып, 15 топтом медал үчүн күч сынашты.
Кыргыз спортчулары “Хан Манасты” кайтарышты

1

2

3

4
Эки күнгө созулган таймаштардын жыйынтыгында 8 алтын, 5 күмүш, 17 коло байгени тагынган Кыргызстандын дзюдочулары командалык эсепте биринчи орунду ээлеп, “Хан Манас” кубогунун ээси болушту.

5

6

7

8

9
Экинчи орундагы казакстандыктар 6 алтын, 7 күмүш, 6 коло байгенин ээси болушкан.

10

11

12

13
Орусия курамасына бир алтын байге буюрган.

14

15
Тажикстандын өспүрүм дзюдочулары 3 күмүш, 6 коло байгеге ээ болушту.

16

17

18
Аталган эл аралык таймаш быйыл бешинчи жолу өткөрүлдү. Буга чейин "Хан Манас" кубогун Кыргызстандын дзюдочулары бир жолу, казакстандыктар үч жолу утушкан эле.