Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:16

Чөлкөмдү чочуткан Ооганстан коркунучу


Ооган коопсуздук күчтөрү. 2014-жыл.
Ооган коопсуздук күчтөрү. 2014-жыл.

Коалициялык күчтөрдүн 2015-жылы Ооганстандан аскерлерин чыгаруу планы бул өлкөнүн кошуналарын чочулатууда.

23-декабрда Москвада Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун жыйыны болду. Анда Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Ооганстандан келип жаткан коркунучту Кыргызстан менен Тажикстанга эскертти.

Кырк жылга жакын мезгилден бери Ооганстанда тынчтык орной элек. 1979-жылы СССРдин аскерлери, андан кийин 2001-жылы АКШ баш болгон коалициянын аскерлери Ооганстанга киргизилди. Анткен менен бул өлкөдө туруктуулук орной элек.

Айрым ири мамлекеттер муну бетке кармап, региондо бекемделип алуу максатындагы геосаясий кызыкчылыктарын ишке ашырууда.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу бул ирет да Борбор Азия мамлекеттерине Ооганстан коркунучун эскертип, бирге болууну сунуштады. Албетте, Орусиянын геосаясий умтулууларына каршы турган Кошмо Штаттар Борбор Азия мамлекеттеринин туруктуулугуна коркунуч Ооганстанга караганда, бул мамлекеттердин ичиндеги көйгөйлөрдөн көбүрөөк түшүп турганын айтып келет.

Региондогу жумушсуздук, жакырчылык, коррупция, аларга кошул-ташыл болгон радикалдуу диний агымдардын күчөшү дестабилдешүүнүн булагы экени маалым. Андан сырткары региондогу эң ири мамлекеттер Өзбекстан менен Казакстанда бийлик алмашуу маселеси бышып-жетилип келатат. Бийлик алмашуу оңой-олтоң иш эмес.

Кыргызстандык эксперттер Ооганстан тараптан түшүп жаткан коркунучту реалдуу деп баалап, ошол эле мезгилде Орусия геосаясий кызыкчылыгын көздөп жатканын да четке какпайт.

Атайын кызматтын катарында жүргөн, кезинде Ооганстанда да болгон Кыргызстандын мурунку баш прокурору Кубатбек Байболов Ооганстан тараптан түшүп жаткан коркунуч реалдуу деди:

- Реалдуу коркунуч бар. Маселен, америкалыктар ал жерден кеткенден кийин бийликтин конфигурациясы кыйла өзгөрөт. Америкалыктар толук чыккандан кийин жарым жылга жетпей бийлик алмашат. Эгерде бийлик толук алмашса, бул тарапка реалдуу коркунуч пайда болот.

Ооган аялдарынын чек араны кайтаруучу полиция бөлүгү. Герат, 1-декабрь, 2014-жыл.
Ооган аялдарынын чек араны кайтаруучу полиция бөлүгү. Герат, 1-декабрь, 2014-жыл.

Америкалыктар азыраак сандагы аскерлерин Ооганстанда калтырууну көздөп жатканы маалым. "Бирок 2001-жылдан бери ошончо аскери менен талиптерди жое албаган америкалыктар, аз аскери менен маселени чече албайт. Ал эмес 140 миң аскери менен Советтер Союзу да Ооганстанды көзөмөлдөй алган эмес",- дейт Байболов. Ошол эле мезгилде Орусиянын коркутууларында геосаясий кызыкчылык жатканын да четке какпады.

Генерал-майор Марат Иманкулов Ооганстан тараптан келе турган коркунуч күчөп турганын белгиледи:

- Талибан кыймылы учурда абдан күчтөнүп турган мезгил. Алар моралдык жактан да күчтөнүп атат. Анткени Сирия жана Иракта түзүлгөн “Ислам мамлекети” өрнөк берүүдө. Коалициялык күчтөр толугу менен чыгып кете турган болсо, Ооганстандын азыркы бийлиги талиптердин кысымына, басымына туруштук бере албайт болушу керек. Орто Азия мамлекеттеринен чыгып, ошолордун катарында жүргөн террордук топтор бар. Анын баары кайда барат? Алардын максаты - биздин мамлекетте Ирак менен Сирияда курулган халифат түрүндөгү “Ислам мамлекетин” жаратуу. Бул алардын программасы да.

Марат Иманкуловдун пикиринде, террордук топторду жеңип чыгууга, аларды жоюуга эл аралык саясаттагы кош стандарттуулук жолтоо болуп келатат.

Кыргызстандык дагы бир генерал Артур Медетбеков Ооганстан коркунучун четке какпай, бирок регион мамлекеттеринде да даярдык бар дейт. Ал Өзбекстандын жана Тажикстандын атайын күчтөрү, учактары, техникалары бардыгын эске салат. Ошондуктан Орусиянын коргоо министринин сөзүндө бирге болуу чакырыгы менен катар, геосаясий кызыкчылыктар да бар экенин Медетбеков белгиледи.

Сергей Шойгу
Сергей Шойгу

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 23-декабрда Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы генерал Асанбек Алымкожоев менен жолугушууда 2015-жылы май айына карай Орусия убада кылган курал-жарактар Кыргызстанга келип калышын билдирген. Бирок бул сөзгө ишеним аз деген Артур Медетбеков аны мындай негиздеди:

- Мен бул идеядан алыс болот элем. Анткени Медведев президент болуп турганда айткан, мына 2013-жылдын декабрынан тарта берип баштайбыз деп. Анан 2014-жылдын башынан бериле баштайт деди. Бирок ушул күнгө чейин эч кандай курал-жарак келе элек. Эң негизгиси бизге келе турган курал-жарактын баары жаңы эмес. Орусиянын аскерлери колдонуп, алар үчүн эски, биз үчүн жаңы боло турган куралдарды берүү үстүндө иштер жүрүп жатат. Май айында курал-жарактар келе турган болсо, ал биринчи чакан траншы болушу мүмкүн.

23-декабрда Москвадагы жыйында Жамааттык коопсуздук күчтөрүнүн аба күчтөрүн бекемдөө чечими да кабыл алынды. Буга удаалаш Канттагы орус аскердик базасына модернизацияланган аскерий учактар келгени да жергиликтүү маалымат каражаттарында кабарланды.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG