Орус кризисинин Кыргызстандагы жаңырыгы
Рублдин арзандашы Орусияда иштеген эмгек мигранттарын оор абалга кептеп, алардын кирешесин 30-40 пайызга төмөндөттү. Талдоочулар мигранттар салган акчанын кыскарышы кыргыз экономикасына, анын ичинде сомдун туруктуулугуна олуттуу зыян келтирерин эскертүүдө. Өкмөт болсо, Орусиядагы кризистен кооптонууга негиз жоктугун айтып, өлкөдө экономиканын өсүү темпин кармап турууга мүмкүнчүлүктөр бар деп ишендирүүдө. “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасынын бул жолку чыгарылышында ушул тема талкууланды. Студиянын коноктору - мурунку вице-премьер-министр, коомдук ишмер Базарбай Мамбетов жана мурунку каржы министри, коомдук ишмер Акылбек Жапаров.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 23, 2022
Беларус жыгачын Европага саткан кыргыз компаниялар
-
Декабрь 13, 2021
Чаткал: чачылган чачыранды алтын
-
Ноябрь 19, 2021
Чаткал: алтындан ырбаган чыр-чатактар
-
Февраль 09, 2021
Зулушев: Акча төлөп, үй камакка чыккандар жазасыз калбайт