Зилзаладан жабыркагандар
Өкмөт: зилзаланын кесепеттери такталууда
14-ноябрда Ысык-Көл облусунун аймагында болгон зилзаланын кесепетинен үч миңден ашуун жеке турак жай жана социалдык объектилер жабыркаган. Анын ичинен 400дөн ашуун турак жай жарактан чыккандыктан мамлекеттин каржылык жардамына муктаж болууда.

Ноябрь айынын 14үндө таңкы жетилерде Ысык-Көл аймагында жети баллга жеткен жер титирөө катталып, анын күчү Кажы-Сай, Бөкөнбаев, Тосор, Тоң, Тамга айылдарында жети балл, Балыкчы шаарында 4.5 балл, Каракол шаарында 5 балл, Чолпон-Ата шаарында 4.5 баллга жеткен.




Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун айтымында, зилзаланын кесепетине байланыштуу 3780 адамдан арыз келип түшкөн.Тиешелүү адистер турак жайларды жана социалдык объектилерди текшерип, биринчи даражадан төртүнчү даражага чейин жабыркагандыгына жараша баа беришкен. Мамлекет тарабынан жардамга муктаж 406 турак жай ээлеринин тизмеси түзүлгөн (148 үй 4-даражада, 258 үй 3-даражада). Бүгүнкү күндө ӨКМ адистери жергиликтүү комиссиянын мүчөлөрү менен биргеликте текшерүү иштеринин экинчи этабын жүргүзүүдө.




Бул багытта жергиликтүү бийлик жана Өнүктүрүү фонду тарабынан 50 млн. сом бөлүнгөн. Учурда жарандардын турак жай үчүн документтерин топтоо иштери жүрүп жаткандыгын жергиликтүү бийликтен кабарлашты.







