Ушул күндөрү Бишкекте спорттук аскага чыгуу боюнча Борбор Азия чемпионаты өтүүдө. Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Орусиядан 110 спортчу катышууда. Спортчулар 12 жашка чейин, 13төн 15ке чейин жана 16 жаштан жогорку куракта таймашууда.
Бийиктикке умтулгандар

1

2
Мелдештер кыздар жана эркектер арасында ылдамдык, татаалдык жана боулдеринг ыкмаларында өтүүдө.

3
Жарышка чыгаар алдында система деп аталган коопсуздук кур арканга бекитилет.

4
Ылдамдык ыкмасында жарышканда спортчулар дубалга бекитилген таш сымал бекитмелерди кармап, тик өйдө 12 метрге чейин чыгышат. Коопсуздук үчүн аркан система деп аталган коопсуздук куруна бекитилет.

5
Аркан 2 тонна жүктү, система 600 кг. жүктү көтөрө алат

6
Мелдеш спорттук аскага чыгууну жаштар арасында кеңири жайылтуу, спортчулардын чеберчилигин арттыруу жана аскага мыкты чыгуучуларды аныктоо максатында уюшулган.

7
Спортчулардын коопсуздугу үчүн жарыш аянтчасында арканды кармап, мелдешти көзөмөлгө алган коопсуздук кызматкерлеринин болушу негизги талаптардын бири.

8

9
Мелдештин катышуучуларына машыктыруучу аскага чыгуунун жол-жобосун түшүндүрүп берүүдө. Катышуучулардын арасында бул спорт менен жаңыдан машыга баштагандар менен бирге эле эл аралык класстагы спорт чеберлери менен эмгек сиңирген спорт чеберлери да бар. 16 жаштан жогоркулар арасында таймашка дүйнө кубогун үч жолу жеңген Орусиянын эмгек сиңирген спортчусу, 24 жаштагы Станислав Кокорин да чыгат.

10
Жарыш чекитине жеткенде спортчулар кызыл тактачаны колу менен чаап, биринчи келгенин тастыкташ керек.

11

12

13

14
Аскага чыгуучулар дубалга бекитилген таштарды (бекитмелерди) кармаганда кол нымдашып, сыйгаланбаш үчүн магнезия деп аталган порошокту колдоруна сүйкөп алышат.

15
Магнезия салынган баштыкча.

16

17

18
Спортчунун буту менен белине курчалган система.

19

20
Спортчулар буту менен таштарды басканда сыйгаланбаш үчүн такасы жок жылмакай бут кийим кийишет.