Жалал-Абад облусунун Сузак районунда айтылуу төкмө акын Барпы Алыкуловдун 130 жылдык мааракесине арналган майрамдык иш-чаралар өттү. Барпынын уникалдуулугу аспапсыз, өзгөчө музыкалуу ыргакта ырдай алгандыгында жана чыгармаларынын философиялык терең мазмунунда болгон.
Барпы Алыкуловдун 130 жылдыгы белгиленди

1
Барпы акын ырчылык шыгы эрте ойгонуп, 16 жашынан эл аралап төгүп ырдай баштаган. Жаштайынан жокчулуктун запкысын көргөн акын кандан-бектен кайра тартпас курчтугу менен да эл оозуна алынган.

2
Акын туулуп-өскөн Сузак районунда өткөрүлгөн 130 жылдык мааракеси көкбөрү, төкмөлөрдүн айтышы, илимий-практикалык конференциялар менен коштолду.

3
130 жылдык мааракенин алкагында Барпы акынды окутууну мектеп программасына көбүрөөк киргизүү маселесин көтөргөндөр болууда.

4
Барпы акындын “Ала-Тоо көрккө келбейт эл болбосо”, “Ынтымак”, “Мөлмөлүм”, “Санат” сыяктуу чыгармалары азыр да күнү бүгүнкүдөй элдин сүймөнчүлүгүнө ээ жана акындын ырларын кыргыз ырчылары репертуарынан түшүрбөй элге жеткирип келишет.

5
Негизги иш-чара 15-ноябрда "Телтору" ат майданында өтүп, 40тан ашык боз үй тигилип, улуттук оюндар ойнолду жана чоң программадагы концерт тартууланды.

6
Төкмө акын Барпы Алыкулов 1884-жылы Сузак районунун Ачы айылында туулган. 1949- жылдын 9-ноябрында Фрунзеде, азыркы Бишкек шаарында дүйнөдөн кайткан.

7
Сузак районунун акими Нурболот Мирзахмедовдун билдиришинче, мааракеге жалпы жонунан 4 млн. сомдон ашык акча сарпталган. Облустук бийлик 150 миң сом бөлүп берген.

8
Барпы таануучу, педагог ,окумуштуу Кубанычбек Ураимовдун айтымында, Барпы Алыкуловдун “Апыз” деген наамы болгон. Буга анын дүйнө таанууга арналган терме ырлары негиз болгон.

9
Катуу кеселдеп, анын айынан эки көзү көрбөй калган Барпы Алыкуловдун акындык дараметин окумуштуулар али чечмелеп бүтө албай келатышат.

10

11
Жалал-Абад облусунда бир орто мектепке, облустук театрга, маданият техникумуна, бир айылдык аймакка жана шаардагы бир көчөгө Барпы Алыкуловдун аты берилген.

12
Иш-чарага Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиев да барды.

13
Барпы Алыкулов 1949-жылдын 9-ноябрында Фрунзеде, азыркы Бишкек шаарында дүйнөдөн кайткан. Сөөгү калаанын түндүгүндөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.