Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын жанында 26-сентябрда башталган бал жармаңкеси 5-октябрга чейин уланат. Анда ар кыл аймактардан келген балчылар өздөрү өндүргөн продукцияларын сатыкка коюшууда. Кыргызстанда бал жармаңкеси 3 жылдан бери өткөрүлүп келет.
Бишкектеги бал жармаңкеси
1
Каалоочулар жармаңкеге коюлган бал түрлөрүн даамдап көрсө болот.
2
Жармаңкеге Кыргызстандын булуң-бурчунан келген 25 балчы катышып жатат.
3
Бул Каркыранын балы. Ар бир бал түрүнүн жасалган жерине жараша өзгөчөлүктөрү бар. Маселен, Суусамыр менен Ат-Башынын балы өңү жагынан да, даамынан да айырмаланып турат.
4
Жармаңкеге коюлган балдын килограммы орточо 250 сомдон сатылууда. Эмгек ардагерлери үчүн жеңилдиктер каралган.
5
Балдын момунан жасалган шамдар. Мындай шамдар күйгөндө жагымдуу жыт бөлүп турат.
6
Балдын момунан жасалган асем буюмдар.
7
8
9
10
11
12
13
14