Абдилаат Дооровдун “Ак булуту”
Акын жана журналист Абдилаат Дооровдун “Ак булут” аттуу жаңы китебинин бет ачары бүгүн Бишкектеги Улуттук китепканада өттү. Иш-чарада акындын чыгармалары окулуп, азыркы кыргыз поэзиясы да талкууланды. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Абдилаат Дооров 1953-жылы Баткендин Лейлек районунда төрөлгөн. 20 жылдан бери райондук “Ата журт” гезитинде башкы редактор болуп эмгектенет.