Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:08

“Мекен шейиттери” Беларус менен алаканы үзүүнү талап кылышты


К.Бакиев Минскиде экинчи бүлөсү менен башпаана тапкан. (Архивдеги сүрөт).
К.Бакиев Минскиде экинчи бүлөсү менен башпаана тапкан. (Архивдеги сүрөт).

“Мекен шейиттери” коомдук бирикмеси Кыргызстандын качкын президенти Курманбек Бакиевге “Элдердин достугу” орденин берген Беларус менен дипломатиялык мамилени толугу менен үзүү талабы менен президентке кайрылышты. Бул тууралуу аталган уюмдун тең төрайымы Нурия Айдабосунова бүгүн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Беларус президенти Александр Лукашенко сыртынан өмүр бою соттолгон Бакиевге жогорку даражадагы сыйлык берүү менен кыргыз элин шылдың кылды.

- Бакиев жүздөгөн бейкүнөө адамды атууга буйрук берген. 4 жылга созулган соттун жыйынтыгы менен өмүр бою кесилип жатса Лукашенко ага сыйлык берип жатат. Бул кыргыз элин шылдыңдоо болуп саналат. Биз президенттен Кыргызстандагы беларус, Беларусиядагы кыргыз элчилигин жабууну талап кылабыз, - деди Айдабосунова.

Кечээ Тышкы иштер министрлиги Беларустун Кыргызстандагы элчиси Виктор Денисенкону экинчи жолу чакырып, Бакиевге берилген сыйлык боюнча расмий түшүндүрмө берүүсүн талап кылган. Өз кезегинде элчи мурдагыдай эле мамлекеттик орден боюнча расмий маалымат жок экенин айтты.

Август айынын башында Беларус президенти Александр Лукашенко Курманбек Бакиевге “Эл достугу” орденин тапшырганы маалымдалган.

Курманбек Бакиев 2010-жылы Апрель ыңкылабынан соң Кыргызстандан чыгып кеткен. Ага митингчилерге ок атуу боюнча бир нече айып тагылган.

Ушул жылдын февралында мурдагы президенттик администрациянын жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча Бишкек гарнизонунун аскер соту Курманбек Бакиевди сыртынан 24 жылга жана анын бир тууганы, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчиси Жаныш Бакиевди өмүр бою эркинен ажыраткан.(UEz)

XS
SM
MD
LG