“Тулпар”- улуттук тунгуч машине
Кыргызстанда “Тулпар” деген марка менен эксклюзивдүү автомашина жасалды. Медер Койлубаев башында турган чыгармачыл топ буга чейин дүйнөгө белгилүү “Ламборжини” унаасынын макетин жасап, элге таанылган. Алар бу жолу дүйнөнүн эч бир өлкөсүндө жок, “Тулпар” деген ат менен эксклюзивдүү автомашинаны толугу менен колго курап чыгышты. Дизайнерлердин буга чейинки эмгеги жөн гана макет болсо, бу жолкусу бардык талаптарга жооп берген кадимки автоунаа. Алар кыргыздын улуттук туңгуч машинесине 6 ай убакыт коротушкан. "Тулпардын" мотору 380 аттын күчүнө барабар. 6 кишиден куралган чыгармачыл топ өз табылгасын 70 миң еврого баалап жатат.
Чыгарылыштар
-
Февраль 26, 2025
Раймалы менен Бегимайдын махабаты сахнада
-
Февраль 17, 2025
Соң-Көлдүн кышкы керемети
-
Декабрь 02, 2024
Табылды Актан - улуттук маданияттын таланттуу үч мууну
-
Ноябрь 07, 2024
"Репрессия эпкини Алыкулга да тийген"
-
Сентябрь 15, 2024
Комузда кол ойноткон жапониялыктар
-
Сентябрь 06, 2024
“Кино дүйнөсүнө эми киргенде өмүрдөн өтүп кетти”