Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:39

Бакпур-Ата: баралбас жердин мазары


Бакпур-Ата: баралбас жердин мазары
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:28 0:00
Түз линк

Кыргыздын жерлери кадам сайын дабалуу булак, ыйык мазар. Бирок геосаясатка байланыштуу, мындай жайлардын айрымдарына эл каалагандай, эркин каттай албай калган. Кытайдын батышындагы Манаска байланышкан жайларга мисалы Кытайдын башка жагында жашаган кыргыздар атайын уруксатсыз каттай албайт. Себеби Кыргызстан менен чек араны бойлой кеткен 100 чакырымдык тилке коопсуздук зонасы деп саналат. Тажикстандын аймагындагы укмуштуудай көрүнүшү менен адамды айран таң калтырган айтылуу Бакпур-Ата мазарына да ушул эле себепменен жергиликтүү тургундар кенен-кесири бара албайт. Мургаб ыргактары түрмөгүнүн жаңы санында анда мына ушул мазарга мылтыкчан тажик аскеринин коштоосунда Жаңыл Жусупжан барып келди.

XS
SM
MD
LG