Бишкекте Израилге каршы акция өттү
Бишкекте палестиналыктарды колдогон жана Израилди Газа тилкесине ок атуудан баш тартууга чакырган акция болуп өттү. Ага Кыргызстандагы дин аалымдары, жөнөкөй мусулмандар жана депутаттар катышты. Акциянын катышуучулары президент Алмазбек Атамбаевди Израилдин Газаны бомбалоосу боюнча пикир билдирүүгө чакырды. Аталган акцияга 150дөй мусулман жаран катышты.