Мен Канатбек Абдиев Кыргыз-орус Славян университетинде окуйм. Болочок кесибим Эл аралык мамилелер боюнча адис болгондуктан кытай тилин тандап алгам. Кытайга бара турган оюм деле жок болчу, бирок бир күнү университетибизде сынак жарыяланып калды. Сынакты уткан эки адам Кытайга барып, 1 жыл окуп келет экен. Мен ал сынакка катышып, утуп алгам. Ошол Кытайдагы студенттик күндөрүм бул сүрөт баянда.
Кытайда өткөн бир жыл

1
Ланьчжоу шаарындагы университет. Ага бара турганымды уккандан тарта интернеттен керектүү маалыматтарды издегем.

2
Ошентип аэропорттон баары менен коштошуп, алыска сапар тарттым.

3
Ланьчжоудон мен окуй турган университеттин студенттери атымды кагазга жазып, чыга бериште күтүп турушкан экен.

4
Жолдо бара жаткан кезде жаңы тапкан кытай досторум “Хуанхэ, Хуанхэ!” деп айнекти көрсөтүп калышты. Карасам, Хуанхэ дарыясынын үстүндөгү көпүрөдөн өтүп бараткан экенбиз. Хуанхэ кытайчадан “Сары дарыя” болуп которулат. Мындай чоң дарыяны биринчи көрүшүм.

5
Хуанхэ калтырган таасирден өзүмө келгиче кампуска да жетип келдик. Кампус дегени студенттик шаарча, бардык шарттар түзүлгөн, сыртка чыкпай эле окуй берсе болот.

6
Жаңы досторум жатаканадагы бөлмөмдү тапканга жардам беришти. Абдан таң калдым, жатакана эмес эле мейманкана!

7
Эртеси туруп эле шаарды көрмөкчү болдум. Аябай кооз жана таза экен, көп кабаттуу үйлөр асман тирейт.

8
Ланьчжоу шаары Ганьсу провинциясынын борбору, калкынын саны 4 миллионго жакын. Шаарда заманбап жана тарыхый архитектура бири-бирин жандап турат.

9
Булар группалаштарым. Эң улуубуз Ив Франциядан келген. Ивдин жашы 70тен өтүп калган. Ага карабай кытай тилин окуду, иероглифтерди жатка жазып баарын таң калтырды.

10
Окуудан кийин китепканага барчумун, бирок дайыма орун жок, толуп калган болот эле. Кытай досторума айтсам, "биз таңкы саат 7де орун алып кетебиз" деп күлүшкөн. Кытай жаштары билимге аябай умтулат, билим алардын миллиард адам жашаган өлкөдө жумуш таба турган бирден бир куралы.

11
Кытайда жаш-кары дебей ден соолукка өзгөчө көңүл бөлүшөт жана таңкы машыгуу улуттук салтка айланган.

12
Ар бир студенттин ID-картасы бар, аны менен тамак сатып алса болот. Мен башында “Лагман” деген кантип жазыларын гана билчүмүн. Башка тамактардын атын үйрөнгүнчө бир ай лагман жегем.

13
Супермаркетте биз жеген тамактан тартып, экзотикалык азыктарга чейин бар. Мисалы, бул сүрөттөгү чочконун мурду менен тооктун таманы.

14

15
Спорт - ден соолуктун булагы. Окуудан сырткары топ тээп, жүгүрүп, секирип, айтор бош убакытты туура пайдаланганга аракет кылчу элек.

16
Университеттер арасында универсиадага катышып, ал жактан Мирлан аттуу досум бир эмес үч алтын медал алды.

17
Кыргызстандык студенттер чогулуп, кытай тили сынагына катышкан мекендешибизди колдоп, күйөрман болуп келгенибиз.

18
Сүрөттөгү каратору досумдун аты Блэз, Малиден келген. Ал терең ойлонуп, ар бир көйгөйдү глобалдуу караганы менен эсимде калды.

19
Индиялык досум Шахидур менен бирге Пекин операсына барганбыз. Пекин операсы бий, музыка, вокал жана пантомиманы камтыйт. Биз эмне деп ырдаганын, сөздөрүн түшүнбөдүк. Кызыгы, кытайлар деле аны түшүнбөйт экен.

20
Кытайда Жаңы жылды биздей шаңдуу майрамдабайт. Ошентсе да кыргызстандык студенттер чогулуп, майрамдык кече уюштурганбыз. Эсте каларлык күн болгон.