Мен Канатбек Абдиев Кыргыз-орус Славян университетинде окуйм. Болочок кесибим Эл аралык мамилелер боюнча адис болгондуктан кытай тилин тандап алгам. Кытайга бара турган оюм деле жок болчу, бирок бир күнү университетибизде сынак жарыяланып калды. Сынакты уткан эки адам Кытайга барып, 1 жыл окуп келет экен. Мен ал сынакка катышып, утуп алгам. Ошол Кытайдагы студенттик күндөрүм бул сүрөт баянда.
Кытайда өткөн бир жыл

21
Жаңы жылдан кийин эле кышкы дем алуу келди. Достор менен кеңешип, саякаттоону чечтик. Акыры Сиянь шаарына бармай болдук.

22
Сиянь шаары Кытайдын эң биринчи императору Синь Ши Хуандинин ордосу болгон экен. Ошого байланыштуу тарыхый эстеликтер да арбын.

23
Сиянда жүргөндө кытайлык кыргыз туугандарды жолуктуруп калдым. Абдан кызыктуу маек курдук. Кыргызча таза, бизге окшоп орусча кошпой сүйлөшөт экен.

24
Сиянь шаарында Терракот армиясынын жоокерлеринин айкелдери бар, алар миңдеген жыл бою жер астында жатып, 1974-жылы таап чыгышкан экен.

25
Көз ачып-жумгуча бир жыл өттү. Кыргызстанга кайтаар алдында, бир күнү түндө сейилге чыктык. Ошондо биздин Кыргызстан да ушундай болуп өнүксө деп кыялдандым...

26
Кыргызстанга поезд менен барууну чечтик. Акча аз коройт, жолду да көрүп кетебиз. Чемодандарды ырастап, тез даярдалчу куксиден алдык.

27
Жолго чыгарга саналуу мүнөт калды. Бек досум поезддин айнегин тиктеп, ойго чөгүп турган кези. Артта калган кызыктуу күндөрдү эскерип, балким жактырып калган кытай кызды ойлоп отурса керек...