Премьер жарадар чек арачылардан кабар алды
13-январда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кыргыз-тажик чегиндеги атышууда жаракат алып, учурда Бишкектеги травматология жана ортопедия борборунда дарыланып жаткан чек арачылар Кутман Асылбеков менен Алтынбек Токтомаматовдун, ичине ок тийип, Улуттук госпиталда жаткан лейтенант Изат Буйлашовдун абалы менен таанышты. Чек ара кызматынын башчысынын милдетин аткаруучу Раимберди Дүйшембиев өкмөт башчыга 11-январдагы атышта жаракат алып, учурда Баткен облустук ооруканасында дарыланып жаткан дагы үч чек арачынын абалы тууралуу да малымат берди. (Өкмөттүн маалымат кызматынын тасмасы)
Чыгарылыштар
-
Март 21, 2026Нооруз–2026: Жаратылыш ойгонгон улуу күн
-
Март 08, 2026Бишкекте аялдарды коргоого чакырган акция өттү
-
Март 05, 2026Ажиев абактан тик учак менен чыкты
-
Февраль 19, 2026Баткен: Элге жер бөлүштүрүлө баштады