Абэнин Ясукуниге сапары сынга кабылды
Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ - 2006-жылдан бери Ясукуниге сапары менен барган биринчи премьер-министр. Бул жерде Экинчи Дүйнөлүк согушта Жапония үчүн көз жумган жоокерлердин жана арасында Токио трибуналы тарабынан айыпталган согуш кылмышкерлеринин элесине арналып храм тургузулган. Азияда Ясукуни милитаристтик символ болуп эсептелет. Абэнин сапары Түштүк Корея менен Кытайдын катуу сынына кабылды.