Ош шаарынын бюджети бир миллиард үч жүз миллион сомго жетти. Ошондой эле Ош шаарын оңдоодо борбордук казыналыктан эки жыл мурунку салыктардан бошотуудан башка каржылык колдоо болгон эмес. Бул тууралуу “Азаттыктын” 2+1 маегинде Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов билдирди. (3-бөлүк)