Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

Катта-Туздун тагдыры чечилбей жатат


Баткендин Бүргөндү аймагындагы Өзбекстан иштеткен мунай кудуктары.
Баткендин Бүргөндү аймагындагы Өзбекстан иштеткен мунай кудуктары.

Кыргызстан эки ай мурда Тажикстандан өткөрүп алган Баткендин аймагындагы мунай чыккан жердин макамын аныктай албай убара.

Лейлек районундагы Катта-Туз аймагында 20 гектардай жерден кара май жана газ өндүрүп келген Тажикстанга таандык мекеме июнь айында чыгарылган. Андан бери 2 айдан ашык убакыт өтсө да ал жердин макамы аныкталбай турат. Ким ээлик кылаары, ким иштетээри алиге тактала элек. Жергиликтүү тургундар болсо бул жерден өндүрүлүп келген мунай менен газ азыр кайда кетип жатканын билбей, кен байлыктары жер астынан кайра эле Тажикстанга кетип жаткан болушу мүмкүн деп бушайман.

Бар нерсенин башын ача албай...

Лейлектин Жаңы-Жер айыл округунун Арка аймагында 40 жылга жакын аралыктан бери Тажикстан иштетип келген 20 гектарга чукул аймак июнь айынын соңунда кыргыз чек арачылары тарабынан бошотулган эле. Бул жерден кошуналардын мунай сордуруучу тогуз кудугу, газ алууга ыңгайлашкан беш кууру бар. Суткасына бул жерден үчтөн беш тоннага чейин мунайзат өндүрүлүп турганы айтылган.

Тажикстандын ишканасынан бошотулганы азырынча бул жерге эч ким ээлик кыла элек. Арадан 2 айдан ашык мезгил өтсө да ал жердин макамы аныкталбай жатышы калк арасында түрдүү түкшүмөлдөрдү жаратууда.

Жергиликтүү тургундардын бири Абдрасул Жумалиев элдин бушайман болуп жатканын мындайча түшүндүрдү:

- Тажикстандан бул аймакты Кыргызстан өткөрүп алды дегенине эки айдан ашык убакыт өттү. Буга чейин 10 атмосферада чыгып жаткан газ, суткасына 3 тоннадай өндүрүлүп жаткан мунай азыр кайда кетип жатат? Ким иштетип жатат? Аны кайра Тажикстанга берип коюштубу? Эл эч нерсе билбейт. Ушундан улам ар кандай ойлор айтылып жатат да. Элге түшүнүксүз болуп, ушундай күмөнсүнүү чыгып жатат да.

Союз маалындагы эки тараптуу макулдашууга ылайык, Тажикстан 1974-жылдан бери мунай өндүрүп келген Катта-Туз аймагы 1992-жылы эле Кыргызстанга өтүүсү керек экен. Бирок эмнегедир өтпөй келген. Кыязы кыргыз тарап бул тууралуу билбесе да керек. Кантсе да бул жердеги кен байлыктарын кошуналар иштетип келгени ошол жердеги жергиликтүү бийликтин демилгеси менен кыргыз чек арачылары эки ай мурда Тажикстанга тиешелүү ишкананын жумушчуларын кууп чыкканда гана ачыкка чыгып отурат.

Бул маселе андан кийин өкмөттүк деңгээлдеги кыргыз-тажик жолугушууларында да козголуп, кен чыккан жер Кыргызстанга тиешелүү экени айтылган. Ошентип Кыргызстан алаарын алган менен ал жерди иштетүү маселесин чече албай убара.

Иш токтоп турат

Вице-премьер министр Токон Мамытов бул аймакты андан ары иштетүү маселеси али чечиле электигин, аймакты коруктап туруу тапшырмасы жергиликтүү бийликке жүктөлгөнүн айтат:

- Губернаторго, Лейлектин акимине өкмөт тапшырма берген. Ал жерди карагыла, изилдегиле, ал жердеги сордуруу иштерин токтоткула деп тапшырма берилген. Эгер жергиликтүү бийлик өкмөттүн бул тапшырмасын аткарбаса чара көрүлөт. Бирок менимче, алар бул маселени чечип коюшту. Жакынкы күндөрү өз сунуштарын беришет.

Өкмөттөн Катта-Туздун маселесин чечүү тапшырмасын алган жергиликтүү бийлик деле жарытылуу иш жасай алган эмес. Анткени кен байлыктарды иштетүүгө уруксат берүү, инвесторду аныктоо, аукцион өткөрүү сыяктуу маселелерге ыйгарым укуктары жок.

Лейлек районунун акими Тилеберди Арипов кен чыккан жер айыл өкмөтүнүн эсебине убактылуу өткөрүлгөнүн билдирди:

- Ал жерден чыгып жаткан мунай атайын идиштерге топтолуп турду бүгүнкү күнгө чейин. Идиштер толуп калгандан кийин кошуналар алып кетебиз деп аракет кылышты. Эки күн тирешип турдук. Жакында Дүйшөмбүгө өкмөт башчыбыз менен барган учурда алар чек ара аныкталганга чейин ал жерге барбайбыз, иштетпейбиз деп билдиришти. Эми анын мындан аркы ишмердигин аныктоо үчүн атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик кызматтар чечим кабыл алышы керек да. Биз алгач өткөрүп алган учурда айыл өкмөтүнүн эсебине акт менен өткөрүп бергенбиз.

Ошентип мунай жана газ өндүрүүгө ыңгайлашкан куурлардын андан аркы иштеши азырынча өкмөт менен жергиликтүү бийликтин ортосунда сенсалар болуп турат. Облустук бийлик болсо маселе чечилгенге чейин бул жерде газ да, мунай да өндүрүү токтотулганын билдирүүдө.
XS
SM
MD
LG