ВИДЕО: Эски Хайдарабад
Видеодо: Хайдарабаддык журналист Саид Мухаммед менен Хайдарабаддын көөнө ооданын көрүп коюңуз. Видеодо: Хайдарабаддык журналист Саид Мухаммед менен Хайдарабаддын көөнө ооданын көрүп коюңуз. Төмөндө Саид экөөбүздүн сүйлөшкөнүбүздүн англисчеден котормосу: - Бул эски Хайдарабадбы? - Ооба, бул эски Хайдарабад. - Үйлөр таштан салыныптыр, базарлар көп экен. - Ооба, бул шаардагы биринчи базар. - Бул жакта жашагандар ортоңку катмардын өкүлдөрүбү? Көбү мусулманбы? - Көбү мусулман, 70% түзсө керек. Ортоңку, төмөнкү катмардын өкүлдөрү. - Алар башка тургундардан тыңыраак жашайбы? - Тилекке каршы, андай эмес. - Шаардын негиздөөчүлөрү катары, алар башынан эле артыкчылыкка ээ болушса керек эле? - Ошондой болчу. Бирок убакыттын өтүшү менен абал өзгөрдү. Мындан 10 жыл гана мурда шаардын бул тарабында «билим алыш керек» деген түшүнүк тереңдеген. 20 жыл мурдагыга караганда, турмуш оңолду, бирок дагы деле жакырчылык күчтүү. - Биз азыр кайда баратабыз? - Бул Чаркаман дарбазасы. Алдыдагы Чарминар. «Чар» деген «төрт» дегенди, «минар» деген «мунара" дегенди билдирет.
Чыгарылыштар
-
Май 21, 2024Комсомол чокусу: Альпинизмдин алиппесин тааныгандар
-
Март 12, 2024Алайкунун эли каарман, шарты катаал, жолу татаал
-
Ноябрь 13, 2023Ак илбирсти коргогон ыктыярчылар
-
Октябрь 12, 2023Туристтерге тоолорду көрсөткөн Ася менен Жаныбек
-
Сентябрь 25, 2023Тоо койнунда турист тоскон айылдар
-
Февраль 14, 2023Германияга барган студенттер укугу бузулганын айтты