Комузу жок комузчу
Түркиядагы Памир кыргыздары арасында элдик күүлөрдү билген комузчулар дээрлик жок калган. Бул уникалдуу чыгармалардын бир тобун билген Сайым Муллааса уулу жарды бүлөдөн чыгып, 12 жашынан өз далалаты менен жыгачка кыл тагып алып, күү черте баштайт. Памилден (Кичи Памирди өздөрү ушундай аташат) 17 жашында кеткен. Андан бери Кыргызстандан колго тийген кассеталардан угуп, Ала-Тоо кыргыздарынын бир топ чыгармаларын өздөштүргөн. "Узун-кыска 62 күү билем" дейт. Айыл башчысы Касымбектин короосунда өргүү үчүн тигилген боз үйдө отурдук. "Өзүмдүн комузум жок, бирөөдөн сурап алдым" деп ала келген өрүк комузда Памил кыргыздарына гана мүнөздүү болгон бир топ күүлөрдү чертти. Түркиянын чыгышындагы Улуу Памир айылындагы башка саналуу элдик өнөр ээлериндей эле, Сайымдын жолун жолдогон бир да үйрөнчүк шакирти жок. Сайым Муллааса уулунун аткаруусунда "Акбарак" деген арман күү. Жаңыл Жусупжан, Улуу Памир, Түркия
Чыгарылыштар
-
Апрель 14, 2025
Москва мончосундагы окуя: ТИМ орус элчисине нота берди
-
Апрель 13, 2025
Орусия: Мончодогу окуя мигранттар көйгөйүн козгоду
-
Март 14, 2025
“9400 евро акчамды бербей жатат”
-
Март 04, 2025
Нуракун уулу: Баладан мурун ата-энени агартуу керек
-
Февраль 06, 2025
Орус бийлиги "кылмыш кылган мигранттар" көбөйгөнүн билдирди