Үч депутаттын иши шаардык сотто
Бишкек шаардык сотунда бүгүн каралып баштаган "Ата-Журттун" лидерлери боюнча соттук териштирүү түштөн кийинкиге, саат 2ге жылдырылды. Буга соттолуучулардын бири - Каныбек Камчыбековдун алынып келбей калышы себеп болду. Каныбек Камчыбеков "Ата-Журт" партиясынын башчысы, депутат Камчыбек Ташиевдин жансакчысы. (Заирбек Бактыбаев, Мирлан Токталиев)