Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:47

"Интернет эрөөлдө" Талантбек Исаев болду


ИИМдин Жол-кайгуул кызматынын башчысы, милициянын генерал-майору Талантбек Исаев түз байланышта окурмандардын суроолоруна жооп берди.

Жол-кайгуул кызматынын (мурдагы МАИ) жетекчисине бул тармактагы өзгөрүүлөргө, жолдо жүрүү эрежелерине байланышкан жана башка өзүңүздү кызыктырган суроолорду узата берсеңиз болот.

Эскертүү: Жалпы эрежебизге сыйбаган жана бири-бирин кайталаган, сабатсыз жазылган суроолор кабыл алынбайт.

"Азаттыктын" "Интернет эрөөлүнө" буга чейин Өмүрбек Текебаев, Феликс Кулов, Айгүл Рыскулова, Мелис Турганбаев, Азимбек Бекназаров, Адахан Мадумаров, Эмилбек Каптагаев, Марат Султанов, Өмүрбек Суваналиев, Камчыбек Ташиев, Иса Өмүркулов, Ахматбек Келдибеков, Өмүрбек Бабанов сыяктуу коомдук ишмерлер, мамлекет кызматкерлери жана саясатчылар, БШК төрагасынын орун басары Айнура Шайымкулова, кинорежиссерлор Нурбек Эген, Актан Арым Кубат, мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов, мурдагы министрлер Аскарбек Шадиев, Руслан Казакбаев, экс-президент Роза Отунбаева, башкы прокурор Аида Салянова жана экономика министри Темир Сариев келишкен.

Түз байланыш орус тилинде да жүргүзүлөт. Эгер коногубуз менен орус тилинде баарлашкыңыз келсе анда орусча сайтыбызга кириңиз.
XS
SM
MD
LG